www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын комендатурасынын иши менен таанышты. Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев комендатуранын коомдук коопсуздукту камсыздоо, киргизилген убактылуу чектөөлөр, шаардын аймагында орнотулган посттордун иши боюнча аткарып жаткан иштери тууралуу айтып берди. Кубатбек Бороновго ошондой эле ишкерликти жүргүзүү тартиби кантип жөнгө салынары жөнүндө айтып беришти. 

Ал өлкө калкынын зарыл муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн азык-түлүк жана медициналык дары-дармектерди ташууну үзгүлтүксүз жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгиледи. Буга байланыштуу ташуу менен алектенген ишкерлерге атайын уруксат берүү варианттарын карап чыгуу сунушталды. Биринчи вице-премьер-министр шаардын коменданты менен бирге Бишкек шаарында орнотулган бир нече постторду текшерип чыкты. 

Кубатбек Боронов алардын ишмердүүлүгү, унаа каражаттарынын жана жарандардын шаардын аймагына кирип чыгуусу боюнча бекитилген тартиби менен таанышты. Ал ошондой эле ишке тартылган укук коргоо органдарынын, медициналык кызматкерлер жана башка адистер менен маектешти. Кубатбек Боронов шаардын түндүк-чыгышында жайгашкан посттордун биринин шаардан чыгаруу процессин көзөмөлдөө боюнча ишинин начардыгын белгилеп, кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар менен тийиштүү жана жетиштүү түрдө камсыздалбаганын сындады.

Биринчи вице-премьер-министр тармактык кызматтарга аталган маселелерди чечип, иштеги бардык кемчиликтерди четтетүүнү тапшырды. «Биз жарандардын жана унаалардын жылып жүрүүсүндө, ошол өңдүү эле милиция, медицина жана башка кызматтар тартылган негизги процесстерди башкарууда толук тартип орнотууга тийишпиз. Жарандарыбыздын жана адистерибиздин коопсуздугуна кам көрүү башкы орунда турушу кажет», - деп баса көрсөттү Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости