www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын 66 ишканасы гана айыл чарба өнүмдөрүн экспорттой алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Азыр ал тизмеге дагы 36 ишкана кошулуп, ушу тапта 102 компания өз өнүмдөрүн сыртка алып чыгууда.

Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «2019-жылы ирригация тармагын курууга жана оңдоп-түзүүгө 1 млрд сомдон ашуун каражат каралган: республикалык бюджеттен – 550 млн сом, капиталдык салымдардан – 671 млн сом. Ошентип, өткөн жылы сугат суусунун тартыштыгы Чүй облусунан башка аймактарда анчалык сезилген жок. Суу көлөмүнүн аздыгына байланыштуу Чүй аймагында сугат суусу каат болду», - деди Кубатбек Боронов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости