www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Бишкек шаарында байкалган жагдайдын терс өнүгүшүнө ар бир аймак даяр болушу керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновго таянып, өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Ар бир облустун жетекчилерине кайрылам. Учурда негизги соккуну борбор калаа жана Чүй облусу алып жатат. Вирустун жайылуу толкунун токтотуу үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Бирок абалдын терс өнүгүшүнө даяр болууга милдеттүүбүз. Ооруканаларда орундарды алдын ала даярдагыла. Жашоочулардын жана медициналык мекемелердеги орундардын эсебин эске алуу керек. Ошол эле учурда персонал жетишпеген шартта жардам көрсөтүүгө даяр медицина кызматкерлеринин тизмесин даярдоо керек. Учурда эле медициналык персонал жетишпей жатат. Ошондуктан адистерди тартуу иштерин күчөтүү зарыл. Кошумча тартылган медицина кызматкерлери аткарган ишине жараша тиешелүү айлык акысын алышат», - деп белгиледи Өкмөт башчы. 

Премьер-министр билдиргендей, Бишкек шаарында 600дөн ашуун кошумча орун даяр.

«Аларга жайгаштырылган жарандар тийиштүү түрдө дарылана башташты. Кайдыгер эмес жарандар жардам көрсөтүп жатышат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан алардын баарына терең ыраазычылык билдиргим келет. Ошол эле тапта кошумча орундарды жана убактылуу госпиталдарды ачуу иштери планга ылайык уланууда. Окуу жайлардын жатаканаларынын имараттарында керектүү медициналык жабдуулар орнотулуп, дары-дармектер жеткирилүүдө», - деди Кубатбек Боронов, ал мындай стационарларга тажрыйбалуу дарыгерлерди тартуу зарылдыгын белгиледи. 

Кубатбек Боронов учурда Бишкек шаарынын медициналык кызматкерлерине жардам көрсөтүү үчүн аймактардан ыктыярчылар тартылганын билдирди.

«Азыркы тапта Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан 70ге жакын дарыгер жана медайымдар келишти. Муну менен катар Россия Федерациясында иштеген кыргыз дарыгерлер жардам берерин билдиришти. Жакынкы күндөрү алар учак менен жеткирилет. Тобокелдикке карабастан, ак халатчандарыбыз ыктыярдуу түрдө көмөк көрсөтүп жатышат. Бейтаптардын жана оор шарттарда иштеген медицина кызматкерлеринин тамак-ашына жооптуу жактарга тамактандыруу, медициналык мекемелерде шарттарды түзүү боюнча бардык маселелерди чечүү тапшырылды. Жарандар бул вирусту жеңүүгө күч берчүдөй туура тамактануулары керек», - деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости