www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жаратылышты коргоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Курчап турган чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жазып чыкты.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Урматтуу экология тармагынын кызматкерлери жана ардагерлер!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Курчап турган чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктайм!

Быйыл Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү биологиялык түрдүүлүктү сактоого арналып, «Табият убактысы» деген ураан менен өтөт. Бул ураан өлкөлөрдүн өкмөттөрүн жана ар бирибизди биологиялык түрдүүлүктүн жоголуп кетүү коркунучу жана жаратылыштын деградациясы менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө болгон күч-аракеттерди бириктирүүгө үндөйт.

Жаратылыш жана анын компоненттери - бул биздин өлкөнүн улуттук байлыгы. Кыргызстан кооз жана уникалдуу табигый комплекстерге бай, алардын маанисин жана ролун ашыра баалап жиберүүгө болбойт, анткени алар биздин республикабыз, ошондой эле Борбордук Азиянын коңшу мамлекеттери үчүн да социалдык-экономикалык жана экологиялык мааниге ээ.

Кыргыз Республикасы планетадагы эки миң артыкчылыктуу экологиялык аймактардын катарына кирет. Өлкөдө биологиялык түрдүүлүктүн 26 500дөн ашык түрү топтолгон кичинекей аймакта (жер бетинин 0,13% гана) бардык белгилүү болгон түрлөрдүн 1% га жакыны катталган.

Жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу мамлекеттин туруктуу өнүгүшүнүн негизи болуп саналат, республиканын флорасы менен фаунасынын сакталышына, эң негизгиси - миллиондогон адамдардын жашоосунун сапатына жана ден соолугуна таасири тиет. Жаратылышты рационалдуу колдонуу жана экологиялык абалды жакшыртуу көйгөйлөрү - биздин улуттук артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

COVID-19дун пайда болушу биотүрдүүлүктү жок кылуу менен, адам баласынын жашоосун колдогон системаны кыйратып жатканыбызды көрсөттү. Экосистеманын биологиялык түрдүүлүгү канчалык бай болсо, бир патогендин тез жайылышы же анын үстөмдүгү ошончолук кыйын, ал эми биологиялык түрдүүлүктүн жоголушу патогендердин жаныбарлардан адамдарга өтүшүнө шарт түзөт.

Биз жаратылыш менен болгон мамилебизди кайрадан карап чыгып, экологиялык жактан жооптуу дүйнө жаратууга тийишбиз. Чечим чыгарууда жаратылыш менен болгон мамилебизди кайрадан ойлонуп, жаратылышты биринчи орунга коюуга мезгил келди.

Жаратылышты коргоо –ар бирибизге тиешелүү ар кандай деңгээлде кабыл алынуучу көйгөй, ошондуктан баарыбыз жашыл дүйнөнүн келечегине кам көрүү менен бирге, ушул асыл ишке активдүү катышууну башкы милдетибиз деп эсептейбиз. 

Экология тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин дагы бир жолу кесиптик майрамы - Айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктап, чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана республикабыздын уникалдуу жаратылыш байлыгын коргоо боюнча бардык пландарыңызды ишке ашышын каалаймын.

Курчап турган чөйрөнү коргоого татыктуу салым кошкон жана өмүрүн ушул асыл ишке арнаган адамдарга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиремин. Сиздерге бакыт, бакубатчылык жана ийгилик каалайм».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости