www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арызына кол коё элек. Бул тууралуу президенттин катчысы Толгонай Стамалиева бүгүн, 8-октябрда билдирди.
Конституциядагы мыйзамга ылайык, премьер-министр кызматтан кетүү арызын жазууга укуктуу. Ал арызды кабыл алуу же кабыл албоого президент гана укуктуу.
Белгилей кетсек, 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, 12 партиянын лидерлери 5-октябрда митингге чыгышкан. Наразычылык акциясы күч алып, 6-октябрда Ак үйдү жана мамлекеттик мекемелерди басып алышкан. Мындан улам жетекчилер ишин таштап кетишкен.
Булак: NazarNews.kg