www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кубатбек ага, кыргыз коомчулугунда оркойгон эмнени байкап жатасыз?

- Оркойгон нерселер көп, анын бири – кымбатчылык. Азык-түлүктүн баасы күн санап көтөрүлүүдө. Күнүмдүк элге керектелүүчү кумшекердин, суу майдын, эт азыктарынын баалары адам чыдагыс болуп баратканы байкалууда. Эмнеге муну өкмөт көзөмөлдөбөй жатканы түшүнүксүз. Карапайым эл кыйналууда. Айлык акы, пенсия өз ордунда турат. Андан сырткары, COVID-19 илдети да бучкактап, эми 3-толкуну май айында күч алары айтылууда.

А саламаттыкты сактоо министрлиги эмнени күтүп жатканын билбейм. Ар күнү бул илдетке капташкандардын саны көбөйүп атат. Биз 3-толкунга даярбызбы? Ал да белгисиз. Жаңылыктардан бул боюнча жакшы жылыштарды укпай жатабыз. Ооруканалар кандай абалда? Жабдыктар, дары-дармектер жетиштүүбү же былтыркы көрүнүш кайрадан күч алабы? Кеп ушунда. Мындан сырткары, чиновниктердин арасында түркөйлүктөр бар экени байкалууда. Мисалы, «биздин ишкерлерге жардам бериш керек» деген президенттин указы бар. Аны саботаж кылгандар жок эмес.

- Быйыл кышта эмнеден кыйналдыңыз?

- Борбор шаарыбызды эпсиз каптаган түтүн, ыш мени эле эмес шаар тургундарын кыйнады окшойт. Өткөн кыштагыдайды буга чейин шаарды чүмкөп салган ышты көргөн эмес элек. Ким күнөөлүү? Албетте, шаар мэриясы, андагы шаардык кеңештин депутаттары күнөөлүү! Биз булардын ишмердигине «эң жаман» деген баа койсок болот. Ушул жуманын аягында шаардык кеңешке шайлоо болгону турат. Эл эми буларга өз жоопторун добуш берүү менен чечиши керек. ТЭЦтин директору Андрей Воропаев «80 миллион сомдук сапатсыз көмүр күйгүздүк» деп мойнуна алып, бул боюнча кылмыш иши козголду. Анын жыйынтыгы кандай чыгары белгисиз.

- Шаардык кеңешке шайлоо өтөт, ошол эле күнү референдум да өтөт. Сиз кайсы тараптасыз?

- Чынын айтканда, өзүм аскер кызматынын ардагери болгондон кийин президенттик эле башкаруу болгон оң деп ойлойм. 2010- жылдагы Конституция өзү туура эмес кабыл алынган. Анткени, бизде Ош окуялары болуп жаткан жагымсыз жагдайда мындайды токтото туруу керек эле. Боордош, кошуна элдердин баары президенттик башкаруу менен өнүгүп-өсүп, алдыга жылып атышат. Өз убагында парламенттиктен баш тартсак болмок, бирок, бир аз убакыттар өтүп кетти. Азыр да кеч эмес. Мен конституциялык референдумду колдойм. Президенттик башкаруу тараптамын.

Булак: Азия News гезити

Последние новости