www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районунда 7 жаштагы кызды зордуктоого шектелип, 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-апрель күнү саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну 7 жаштагы Н.А. аттуу жашы жете элек кыз Кайрагач айылынын талаасы аркылуу үйүнө кетип бараткан учурда зордукталып, Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, жабырлануучуга жана кылмышка шектүүгө тийиштүү далил буюмдар алынган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмыштын изи сууй электе кылмышкер Кара-Суу районунун Мады айыл аймагына караштуу Кыргыз-Чек айылынын тургуну 26 жаштагы Н.уулу.А. экендиги аныкталып, Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Садирбай айылында туугандарынын үйүндө жаткан жеринен шектүү катары кармалган. Ал жогорудагы өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгын толугу менен моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камалды", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Н.А. аттуу 7 жаштагы жабырлануучу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылынын тургуну, 1-класстын окуучусу болгон. Учурда таенесинин колунда тарбияланып жаткан. Апасы Орусияда эмгектенип жүргөндүгү белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости