www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Дарыгерлердин жетишсиздигине жакшы көңүл бөлүү шарт", - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--"Алсак, аймактык ооруканалардын абалы абдан начар. Келип эле каражат маселесине такалат. Чындыгында бюджетте акча тартыш. Мунун баарын оңдоп түзөөгө ошону менен катар азыр заманбап апараттарды алыш керек. Ошондой эле кесипкөй адистерди алып, жакшы айлык маяна төлөө керек. Буга дагы көп суммадагы акча сарпталат. Мына каражаттын жетишсиздигинен медицина талкаланып жатат. Же болбосо алдыга жылуу, өнүгүү болбой келет. 2014-жылдары Дүйнөлүк банктын “Жыйынтыкка негизделген каржылоо” программасынын алкагында республика боюнча анализ жүргүлзүлгөн. Ошондо медицина кызматкерлери дал ушул программага жараша өз айлык акысын жогорулатууга мүмкүндүк алган. Дарыгерлердин жетишсиздигине жакшы көңүл бөлүү шарт. Алар мамлекеттик ооруканаларда иштеп калуусу үчүн аларга тийиштүү шарттарды түзүп, турак-жай менен камсыздоо керек. Шаардын тийиштүү резервдери бар, аларды ишке киргизүү зарыл", - экс-вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости