www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы Зеландиядагы Окленд университетинин окумуштуулары иттер өз ээсин кызганарын аныктап чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, мындай тыянакка келиш үчүн окумуштуулар 18 иттин жана алардын ээлери менен биргеликте эксперимент жасап көрүшкөн. Анда катышуучуларды биринде гемотриялык фигуралар бар, биринде иттин куурчагы бар 2 бөлмөгө киргизишкен. Шартка ылайык, иттердин ээлери бөлмөдөгү буюмдар менен ойношкон. Иттин ээси куурчак менен ойногон учурда үй жаныбарларынан кызгануунун ачык белгилери байкалган. Ал эми геометриялык фигуралар менен ойногондо эч кандай эмоциялар байкалган эмес.
Буга байланыштуу окумуштуулар "өзү сыяктуу социалдык атаандаш пайда болгон учурда иттерде ээсин кызгануу сезимдери пайда болот" деген тыянакка келишкен.
Булак: NazarNews.kg