www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14 жаштагы Мамбеталиева Айбийке Талантбековна изделүүдө. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Айбийке 7-апрелде саат 11:30 чамасында Ак-Өргө жаңы конушунда жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Апасы кызды табууга көмөк көрсөтүүнү суранып 8-апрелде милицияга кайрылган.

Белгилери: Бою 145-150 сантиметр, толмоч дене түзүлүштө. Чачы сары, узун. Учтары түзсүздөндүрүлгөн. Көзү жашыл түстө.

Кийген кийимдери: Кара түстөгү жазгы күрмө, кара шым, кара туфли, кара асынма баштык асынган.

Айбийке Мамбеталиеванын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар болсо төмөндөгү телефондор аркылуу байланышка чыгып, кабарлап коюуну милиция өтүнөт: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0(312) 352-632, 0(553) 102-880, 0(703) 401-600, ( 707) 304-753, 0(500) 032-000, 102.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости