www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бычак көтөргөн адам кызга кол салды

Бишкекте жергиликтүү тургунга кол салуу болду, деп билдирди 10-апрелде Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

10-апрелде түнкү саат он жарымдар чамасында Сухэ-Батор көчөсүндө бейтааныш адам кызга кол салган. Ал анын оң далысына жана оң билегине бычак сайган. Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталган.

Алынган жаракаттардын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Милиция кылмышка шектүүнү издеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости