www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Айлык маянанын аздыгынан медицина кызматкерлери жетишпейт”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Дамира Ниязалиева.

--“Медицина жетекчилери гранттык каржылоону издөө боюнча ар-кыл долбоорлор менен активдүү иш алып барууда. Бул мекемелерди материалдык-техникалык жабдуу маселесин чечүүгө мүмкүндүк берет. Буга катар негизги көйгөй катары кадрлардын жетишсиздиги маселеси калууда. Мисалга, аймактык ооруканада акушер-гинекологдор жетишпейт, ал эми Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда педиатрлар жана башка кууш тармактагы врачтар жетишпейт. Медиктердин жетишсизди айлык маянага келип такалат. Учурда саламаттык сактоо тармагындагы каржылоо жетишсиз болуп жатканда ар-бир жетекчи жакшы дарыгер гана эмес, натыйжалуу менеджер болушу талапка ылайык келет. Колдогу акчалай каражатты биринчи муктаждыктарга багыттоо зарыл. Ошондуктан көптөгөн мекемелерде дарыгерлер айлык акынын айынан иштен чыгып кетишет”, - дейт Ниязалиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости