www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-апрелде УКМКанын башчысы Абдил Сегизбаев кызматынан бошотулду. Аны менен кошо Атамбаевдин жансакчысы болуп жүрүп, төңкөрүштөн кийин УКМКанын төрагасынын орун басарлыгына дайындалган Болот Сүйүнбаев да кызматын тапшырды.

Булардын кызматынан бошотулушу менен УКМКа жетекчилиги Атамбаевдин “сүйгүнчүктөрүнөн” тазаланды дегенге болот. Анткени аларга чейин, февралда УКМКа төрагасынын биринчи орун басары,  АКСтын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев, апрельдин башында 9чу башкармалыктын башчысы Дамир Мусакеев кызматынан бошотулган эле.  Ал дагы УКМКанын төрагасынын орун басары рангасында болчу.

Ошентип, президент Сооронбай Жээнбеков Түркия жана Европага сапары алдында  УКМКа жетекчилигин Атамбаев кадрларынан биротоло тазалап, өзүнүн да, мамлекеттин да коопсуздугун өзү ишенген кадрларга тапшырып, сапарга көңүлү ток чыгайын дегендей.

Конституцияга ылайык президент УКМКанын жана Куралдуу күчтөрдүн башкы командачылыгынын башчысын кызматтан түз алат. Ал эми Башкы прокурорду кызматтан бошотууда парламенттин макулдугу болуш керек.

Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын  креслосу  болсо “калчылдап” калганы белгилүү. Жума күнү “Ата Мекен” жана “Республика-Ата-Журт” фракциялары Жолдубаевага ишеним көрсөтүшпөөгө добуш беришти. Калган фракциялардан, анын ичинде КСДПдан да Жолдубаеванын колдоо табышы чоң күмөн. Ошондуктан Жолдубаеванын жолу бүтүп, кызматтан кетүү алдында турганы айкын.

Башкы прокурордон кийин Жогорку Кеңешке өкмөт башчы Сапар Исаков отчет берүүгө тийиш. Өкмөт башчыга да жеңил болбойт. Айрым депутаттар  өкмөткө ишеним көрсөтпөө ниеттерин ачык айтып келатат. Ошондуктан апрель айында Сапар Исаков кызматтан кетип, анын ордуна бир топ тажрыйбалуу Иса Өмүркулов, Мухаметкалый Абылгазиев келип калышы ыктымал.

Сапар Исаковдун чөгүп бараткан кемесинен кечээ күнү биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев түшө качты. Ал өзүнүн чечимин 30 миң доллар боюнча сурак бериши менен байланыштырды…

Бул көрүнүш Атамбаев командасынын үч айдан өтүп-өтпөй ыдырашынан кабар берет. Атамбаевдин ишенген Мискенбаевы да “тойдум байдын кызына” деп, Жээнбеков жээгине карай сүзө баштаганы маалымат каражаттарына берген акыркы маегинен байкалат.

Атамбаев өзү “сыркоого” шылтоолоп 7-апрелдеги эскерүү иш-чараларына катышпай койду. Бул “саясий” ооруубу же башкабы азырынча айтуу кыйын.

Бирок Атамбаевдин Сооронбай Жээнбеков менен бир катар турбашы эки ортодогу чоң таарынычтан кабар берет.

Эми атамбаевчылар уюшуп, күчөп бараткан президент Жээнбеков ыкыс бергенге жарайбы же ушул бойдон чилдей тарап кетишеби?

Маселе ошондо турат.

Булак: Элньюс

Последние новости