www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгардын азиз аялы Ванга - келечекти алдын-ала көргөн. Көпчүлүк анын жөндөмдүүлүгүнө ишенген эмес. Анын айткандары чындыкка дал келип турат деп эсептешкен адамдар да жок эмес. Көзү ачык Ванга 1996-жылы акты караган, бирок ал келе турган жылдарга алдын ала байкоо жүргүзүп кеткен, анын ичинде 2021-жыл да бар. Алгач анын мурунку айткандарын эскере кетсек. Expressтин айтуусунда көзү ачык Ванга Америка Кошмо Штаттарына кара түстөгү Барак Обама президент болоорун алдын-ала айткан, андан тышкары Улуу Британия Европа Биримдигинен чыгып кетерин да алдын-ала айткан. 

Ал акыр заман качан келери тууралуу да божомолдогону менен, так кесе качан келери тууралуу айткан эмес. Орусиянын  президенти Владимир Путинге катуу сактанбаса кол салуулар болушу мүмкүн деп айтып кеткен, бул кол салуулардан Путин катуу сактанып жүрөт. Кошмо Штаттарынын мурунку президенти Дональд Трамп ойду-тоону сүйлөп жүрүп, кызматынан кур жалак калат деп да айтып кеткен. Ошол эле Трамп катуу ооруга чалдыгат деп айтып кеткени да бар. Трамптын  COVID-19 менен ооруганы буга күбө. 

2021-жылды Ванга айтып отуруп адамзат рактын үстүнөн жеңишке жетишет деген. Анын айтымында темир чынжыр менен бул оору бекем таңылат деп, муну күтсө болот. Андан тышкары көзү ачык ааламды оп тарта турган «албуут ажыдар» пайда  болорун айтып кеткен. Бул Кытайдын дүйнөнүн үстүнө ээлик кылууга даярданып жатканын түшүндүрөт. Анын пайгамбарлык айтуусунда католизмдер жана зор кыйынчылыктар да белгиленген. 

Ванганын айтуусуна да ишенбөөчүлүк жаратып, саясатка айланткандар бар. Washington Postтун иликтөөсүнө таянышкандар Ванганы орусиялык социалдык тармактардагы «троллдор» ойлоп тапты деп жазышкан. Ванганын алдын-ала айткандары өзүнө тийиштүү эмес дешип. Вангага таянып "Профиль" мурунураак асманда жыбырап "Рождестонун жылдыздары" пайда болот, бул акыр замандын белгиси деп билдирген. Акыр замандын атактуу алдын-ала айтуучусу пастор Пол Беглинин айтуусунда Юпитер менен Сатурндун биригиши катастрофанын башталышы болуп эсептелип, Жердеги бардык тиричиликти жалмап кетет имиш. Ушунун негизинде "Профиль" жыйынтык чыгарып Вангага оодарып салышы мүмкүн.

Былтыркы жылы коронавирустун пайда болушун Ванганын алдын-ала айтышы, ага өзгөчө кадыр-барк алып келген. 2021-жылы Ванганын айтуусунда эмнелер болот, бул да кызуу талкууну жаратып жатат. Биз бир гана көзү ачык Вангага таянбай, аны менен бирге француз алхимиги, атактуу алдын-ала айтуучу Мишел Нострадамустун айткандарын да түгөйлөш кылып алдык. Бул экөөнүн кимисинин айткандары 2021-жылга дал келе турганын көрөлү. 

Ванга коронавирусту алдын-ала айткан, андан тышкары улуу биригүүнү айтып кеткен. Кээ бир скептиктер болгон окуяларга Ванганы жамап коюп жатышат деген ойдо болушса, кээ бирлердин оюу боюнча Ванга - бул терең ойлонуштурулган мамлекеттик бизнес. 2020-жылдын башында Ванга коронавирусту алдын-ала айтканы бышыкталган. Ванганын айтуусунда «2020-жылы кандайдыр бир дарт пайда болуп, дүйнө жүзүндө эпидемияны пайда кылат» дептир. Бул вирус анын айтуусунда Африкада пайда болмок. Бирок бул дарт Кытайда пайда болуп, Африкада коронавирустун алгачкы белгилерин 2020-жылдын 29-январында гана байкашат. Же болбосо Уханьда пайда болгондон кийин бир топ мезгилден кийин гана. Дагы бир кызык жери көзү ачык Ванга бул ооруга каршы вакцина ошол жылы эле пайда болот деп айтып кеткен экен. 2020-жылдын аягында бир топ мамлекеттерде бул дартка каршы вакцина пайда болуп  вакцинациялаштыруу башталган.

Ванга коронавирустан коргоно турган дарылардын 2021-жылы да жаңылары табыларын алдын-ала айткан. Британдык Mirror таблоид болгар көзү ачыгынын 2021-жыл тууралуу айткандарынын ичинде бул жылы коронавирустан коргонуу үчүн жаңы вакциналар пайда болот. Андан тышкары рактан сактануу үчүн дарылар пайда болот. 2021-жыл АКШ президенти Дональд Трампка жамандык алып келет. Ванганын айтуусунда «45-чи Кошмо Штаттар президенти табышмактуу дарт менен ооруп калат, ушунун кесепетинен анын кулагы укпай калат жана мээсине доо кетет». Аман эле болсун, көрө жатарбыз. Ванганын айтуусунда Орусия тууралуу алдын-ала айткандар бар. Анын ичинде Орусия мамлекет башчысына өзүнүн мамлекетиндеги кимдир бирөөлөр тарабынан кол салуу болот деген жана «үч лөк мамлекет биригет», «кээ бир адамдардын колунда жашыл эмес, кызыл акчалар болот. Мен 100, 5 жана көптөгөн нөлдөрдү көрүп турам» деген.

Ванганын айткандары кандай чечмеленет? Үч лөк мамлекеттер ким?

Бул Орусия, Кытай жана Индия. Чындыгында Орусиянын аймагы кенен болсо, Кытай менен Индиянын калкы үч миллиардга уруп баратат. «Кызыл акчалар» болсо бул 100 юань жана 5000 рублдик банкноттор. Ванганын айтуусунда Европанын экономикасы алсызданат, ислам террорчулары Европалык Биримдикке чабуул жасашат. 2021-жылы адамзатты «албуут ажыдар» бийлегенге камына баштайт. Кээ бирөөлөрдүн айтымында азыр экономикалык жана аскердик күч жактан алдыга киши салбай таскактап бараткан Кытайды айтып жаткандыр. 

2021-жыл боюнча Мишел Нострадамустун айткандарына токтолсок төмөнкүдөй. Ал кайсы жыл экенин айтпаса да, иликтөөчүлөр 2021-жыл деп санашып жатышат. Британдык Mirror таблоид Мишел Нострадамустун айткандары боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет. Алхимикке зомби-апокалипсисти жабыштырып жатышат. Мишел Нострадамустун айткандары боюнча окумуштуулар биологиялык курал–вирустарды жасашат, бул вирустардан улам адамдар зомбиге айланышат. Же робот сыяктуу башкаруучулар эмнени айтса аткарып жүрө беришет. Андын тышкары Мишел Нострадамустун айткандары боюнча 2021-жылы акыр замандын алгачкы белгилери байкалып, дүйнөлүк ачарчылык башталышы мүмкүн: «Дүйнөлүк трагедия адамзатты артка кайтарат, көпчүлүк адамдарга каргыш тийет» деген. Бир гана ачарчылык аз келгенсип Мишел Нострадамустун айткандары боюнча күндөн чыккан магниттик бороон жер планетасына эбегейсиз кайгы алып келет. Климаттагы өзгөрүүлөр жаман кесепеттерин тийгизет, дүйнө эли эптеп-септеп жашоо үчүн чыр-чатактар, согуштар башталат, (Оозуңа кара таш!). Мишел Нострадамустун айткандарын «Жылдык гороскоп» бекемдейт: «Биз көрүп турабыз, суу көтөрүлүп, жер болсо суу алдында калат».

Тарыхчылардын айтуусу боюнча толук апокалипсис болуш үчүн Мишел Нострадамустун айткандары боюнча жер шары астероид менен кагылышат. «Асманды өрт каптап, учкундун узун издери көрүнүп турат» деген Мишел Нострадамустун катрендеринде жазылып калган. Америкалык НАСАда «Асманды өрт каптап...» дегендин потенциалдуу претенденти бар. Бул астероид 2009 KF1. Космосту иликтешкен америкалыктар 2009 KF1 астероидинин траекториясын эсептеп, 2021-жылдын 6-майында Жер менен кагылышарын айтып жатышат. НАСАнын айтуусунда бул астероидтин жарылуу күчү жарылуу эквиваленти боюнча 230 килотоннаны түзүп, 1945-жылы Хиросимада жарылган ядролук бомбадан 15 эсе күчтүү экен. Кимисиники чын экенин бир Кудай билер, бирок Мишел Нострадамустун айткандары дал келбесе экен.

Азизбек Келдибеков, NazarNews.kg

Последние новости