www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Абалды курчутпай Кыргызстан менен Тажикстандын башчылары эң жогорку деңгээлде жолугушуп, сүйлөшүүсү зарыл!", - деди бүгүн, 30-апрелде Малайзиянын Кыргызстандагы элчиси Азимбек Бекназаров. 

- Азимбек Анаркулович, неге тажик тарап келишимди бузуп, түнү менен ок атып, үйлөрдү өрттөп чыгышты?

- Тажик тарабы буздубу, же кыргыз тарабы буздубу, кылымдардан бери чогу жашаган, тарыхы бир, мына талашып жаткан сууну бирге ичип келген эки элге, эки өлкөнүн аскердик күчтөрдү колдонушканы, ата-бабалардан бери жашап келе жаткан, коңшулар менен ынтымакта болуу салтын бузгандык болот. Каныкей энебиз ушул эле тажик элинин кызы эмеспи?! СССР таркаардын алдында да (1989- ж.) суунун айынан чыр болуп, ошол кездеги бийлик башындагылар А.Масалиев, А.Жумагулов, М.Шеримкуловдор, Тажик тарабынан Республиканын КП БКнын биринчи катчысы Маккамов баш болуп, айлап жүрүп, конфликти токтотушкан. Аны башкалар билбесе да ошондогу башкарма, Тажикстандын Жогорку Кеңешинин депутаты, азыркы Тажикстандын президенти Рахмонов абдан жакшы билет. Азыр ким тарабынан келишим бузулганын сүрүштүрбөй, согушту токтотуу керек, бөөдө карапайым элдин каны төгүлбөсүн. Кан төгүлсө экен, Орто Азия боюнча абал курчуса экен, коңшулардын ыркы кетсе экен, президенттеринин абалы начарласа экен деген ички жана сырткы күчтөр бар экенин эстен чыгарбоо керек. 

- Эми биздин күч түзүмдөр кандай чара колдонушу керек?

- Биздин күч түзүмдөрдүн мыйзамдуу ыйык функциялары, милдеттери бар. Кыргызстандын бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактоо деген. Ким Кыргызстандын бүтүндүгүнө кол салса, бузгусу келсе, ага жол бербөө, каршы туруу. Бирок азыр болуп жаткан Кыргыз-Тажик конфликтисинин күч структуралары эмес, мамлекет башчылары дипломатиялык жол менен чечиле турган конфликт, аны бүткөрүү Жапаров менен Рахмоновдун колунда, үчүнчү кайсы бир күчтөрдүн азгыруусуна кирбөө керек. Коңшуларча сүйлөшүү жолу менен бүтүрүү зарыл! Күч структуралары Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап, коргоп гана туруусу керек.

- Биздин жумшактыгыбызды, ишенчектигибизди алар туура эмес түшүнүп алдыбы же алар табиятынан убадага турбаган калкпы?

-Мен дагы кайталайм, кыргызды да, тажикти күнөөлөбөйлү. Мен өткөндөгү кайрылуумда, бийликке да, оппозицияга жана башкаларга да кайрылдым эле, «Кыргызстан, Өзбекстан ... Тажикстан да мамлекеттүүлүгүн өткөн кылымдын 20-жылдары Москвадан, Компартиянын бийликке келиши менен алган, чек аралары да Москвадан аныкталган...кийин 90-жылдардын башында да, ошол эле Компартиянын бийлигинин кыйрашы менен, ошол мамлекеттүүлүгүн алган аймактары менен бирин-бири тааныган суверендүү мамлекет болушту»-деп.

Дагы кайталайм, эгерде СССРдин түзүлүшү менен 1920-1930-жылдары Сталин бизге кыргыз, өзбек, тажиктерге мамлекеттүүлүктү аймагыбыз менен бекитип, ошону менен 70 жыл жашасак. 1990-жылы Ельцин баарыбызга «эгемендүүлүгүңөрдү каалаганыңарча азыркы аймагыңар менен алгыла да, Россияга куйрук болуп жабышпай, азыркы аймактарыңар менен көз карандысыз мамлекет катары жашагыла", деген. Акаев же Каримов, Назарбаев, Маккамовдор Балтика республикаларына окшоп күрөшүп жүрүп, эгемендүүлүгүн алган эмес.

Ошондогу же эгемендүүлүгүбүзгө байланыштуу 1990-1993-жылдардагы Республикалардын жетекчилери кол коюшкан келишимдер боюнча чек-араны тактоо керек. Ортодогу карталар мамлекеттүүлүктү аныктай турган карта эмес, алар чарбалык мүнөзгө ээ. Ал эми союздук мааниси же Республикалар биргелешип курган Кемпир-Абад, Төрт-Күл, Орто-Токой, Нурек ГЭС и, Токтогул ГЭС и, Саян-Шушенск ГЭСи, Байканур сыяктуу обьектелерди жөнгө салуу үчүн да, жаңы эгемендүү мамлекет башчылары 1992-жылы 9-октябрда болгондо да Бишкекте кол коюшкан эл аралык күчүндөгү келишим бар. Эч кандай келишимдер жок сыяктуу, дардаңдабай, ошол эл аралык келишимдердин алкагында сүйлөшүү жолу менен бардык талаш маселелерди, обьектилерди чечсе же мындан ары бирге жөнгө салып пайдаланса болот. Аны дипломатиялык жол менен жөнгө салуу керек. Ал үчүн Москва ортомчулук ролду аткаруу керек. Абалды курчутпай Кыргызстан менен Тажикстандын башчылары эң жогорку деңгээлде жолугушуп, сүйлөшүүсү зарыл!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости