www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тажиктер шартка көнбөй ок атууну токтотпосо, анда аларды блокадага калтырып, чек араны чычкан өткүс кылып жабышыбыз керек”? - деди бүгүн, 30-апрелде NazarNews.kg маалымат агенттигине экс-депутат, Рамазан Дырылдаев.

-Рамазан агай, тажиктер айлардын падышасы болгон орозо айында кол салып, эмнеге жаман жорукту баштады?

- Менимче тажик тарап көп жылдан бери даярданып жүрүшкөн. Ошон үчүн окоптордон бери казышты. Кыргыз тарапты болушунча жабыркатуу үчүн тик учак, жана оор техникалардан бери колдонушту. Тилекке каршы, мындай учурда кыргыз бийлигинде жетишээрлик маалыматтын жоктугу байкалып калды. Чынында элчибиз буга окшогон жагдайдан эбак кабардар болушу керек эле. Чек ара тармагы, ИИМ, УКМКда жаңжалды алдын ала билип, даяр турушу керек эле. Биздин атайын кызматтын чалгындоо, каршы чалгындоо бөлүмү жакшы иш алып барбагандыктан, толук маалымат жок болуп, жыйынтыгында каза болгондор да, жарат алгандар да болду. Тагыраагы, ушундай жаңжал болоору тууралуу маалымат Президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге учурунда жеткизилбегендиктен биздин эл көп жабыркап калды.

- Эми абалды жөнгө салуу үчүн кыргыз бийлиги гана аракет кылыш керекпи же тажик тарап да милдеттендирилиш керекпи?

-Садыр Жапаров туура айтты “маселени  бир тууган эл, сүйлөшүп чечебиз, бирок керектүү иштер ал тарапта да жүрүшү керек” деп. Чынында буга окшогон маселелерди алдын алган иштер, көп жылдан бери  жүргөн эмес. Ошондуктан, даярдык жок болгон. Сооронбай Жээнбеков бир жыл мурун Эмамоли Рахмон менен сүйлөшкөндө жолукканына корстон болбой, силер мындай иш кылып жатасыңар деп астына коюш керек болчу. Эгер жөн эле чай иче турган болсо анда жолукпай эле койсо болмок. Анткени, чай ичишүү мамлекеттик подход эмес да.

- Берген сөзгө, убадага турбаса, тажик тарап эмне үчүн кечээ расмий келишимге кол койду? 

-Тажик тараптын негизги максаты сууну башкаруу. Ал ойлорун кечээ Тышкы иштер министри менен жолукканда дагы ачык айтыптыр го. Мүмкүн келишим алар үчүн алаксытуучу монёврдур. Бирок, ошондой болсо да, алардын ар бир аракетине даяр турушубуз керек.  Расмий иш дипломатиялык каналдар аркылуу жүрүп, ар бир кызмат өзүнө тиешелүү ишти аткарып, сүйлөшүү жүрүп жатат деп бейкапар болбошу керек.

- Неге тажиктер жерлерибизди алганга ыраазы болбой суубуздан бери ээлик кылгысы келе баштады?

-Тажиктердин сууга ээ болгусу келип жатканы кыргызга татыксыз адамдардын жогорку кызматтарга келип, туура эмес иштер менен алек болгону себеп болду окшойт. Акаевдин заманынан бери бизде жүзү кара, сатылма бийлик иштеп келди. Алар тажиктер эмне десе шартына, ыгына көнүштү. Ошон үчүн жерлерин кеңейтип алышып, эми суубузга көз артып, баскынчылык кыла башташты. Анткени, талаштуу жерлердин баарына чекит коюп, чек ара маселесин Ташиев чечем деп катуу кирише баштады.

- Камчыбек Ташиевдин чек араны чечүүгө күчү жетеби?

-Мен маселени Камчыбек Ташиев чечет деген ишенимдемин. Анын эч нерседен кайра тартпаган баатырдык да жайы бар. Ошон үчүн ал бул маселени чечет, аягына чыгар алат деп ойлойм. Бирок, алар Ташиевдин бул маселеде катуу турганын көрүп, чек ара маселесин чечтирбей коёлу деп түрлүү ыкмаларды колдонуп башташты.

- Эми абалдан кантип чыгышыбыз керек?

-Чек арага чектеш аймактардагы аскерлерди көбөйтүш керек. Мурунку бийликтер кетирген катачылыкты кетирбей, сак болуп, ар кимдин өзүнө жараша иш кылышыбыз керек. Ташиевден башка жооптуу кызматтагылар Тышкы иштер министри менен Коргоо министри кандай кырдаал болбосун даяр турушу керек. Тышкы иштер министри ОДКБ менен ЕврАзЭС бул маселени чечүүгө жардам сурашы керек. Эгер алар баш тарта турган болсо, бул уюмдардан чыгып, маселени түрк тилдүү өлкөлөр менен чечүүгө киришишибиз керек. Өзбекстан менен Казакстанды ортомчу кылып сүйлөшүшүбүз зарыл...

- Эмнеге тажиктер согушту токтотобуз, ок атпайбыз деген келишимге кол коюп туруп, кайра ок атып, түнү менен үйлөрдү өрттөгөнгө жол беришти?

-Эгер тажиктер шартка көнбөй ок атууну токтотпосо, анда аларды блокадага калтырып, чек араны чычкан өткүс кылып жабышыбыз керек. Кыскасы, аларды эсине келтире турган механизмдердин баарын колдонуш керек. Тажиктер жарандарыбызды да барымтага алып, чыны менен чектен чыгышты. Ташиев азыр сабырдуулук кылып, маселени тынчтык, сүйлөшүү жолу менен чечем деп жатат окшойт. Эгер алар өз билгенин кыла беришсе, жазасын ченебей беришибиз керек.

- Путин ортого түшүп сүйлөшүүгө даяр экенин билдириптир го?

- Менимче. Ага ишеничтин кажети жок. Ал абалды өз пайдасына пайдаланууга аракет кылат. Мүмкүн Карабахтагы сценарийди колдонуп коюшу мүмкүн. Ошон үчүн Путинге караганда Өзбекстан менен Казакстандын президенттерин ортомчу кылсак, ошондо пайдалуу чечим чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости