www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда коррупция кылгандарды бизге окшоп чекесинен сылабай атып салышат. Дүйнөлүк экономиканын тең салмагы мурдагы Европадан жана Америкадан Азияны көздөй оой баштады. Бул аймак дүйнөнүн соода аянтына айланып баратат. Он бешинчи кылымда Испания, андан кийин көп кылым Англия алдыга чыккан. Он тогузунчу кылымдын аягы, жыйырманчы кылымдын биринчи жарымында саясий жактан болсун, индустриалдык өнүгүү жактан болсун дүйнөдөгү эң кубаттуу өлкө Германия болсо, дүйнөлүк согуштан жеңилгенден кийин, дүйнөлүк согушта Европадан ташып келген мүлккө байып, дүйнөдөгү экономикалык үстөмдүккө АКШ ээ болгон.

1. Кытайды кайсы эл эмне дешет?

Кытайды кыргыздар “чүрчүт”, казактар “шүршүт” дешкен, башка дүйнөлүк державалар АКШ, Улуу Британия, Испания, Германия, Франция сыяктуулар Чин династиясынан улам “чин” (chinа) дешсе, кытайлыктар өздөрүн “ханьсу” дешет. Кытайдын түрк-монгол эли менен чектеш жагында кытай-кидан уруулары болгондуктан “Кытай” этноними пайда болуп, орус элине “Китай” деп кирип калган.

2. Кытай коррупцияны жөнгө сала алабы?

Кытайда коррупция деген мүнөздүү көрүнүш бойдон келе жатат, рыноктук реформа жүргөндөн баштап ал геометриялык прогресс менен күчөдү. Мансаптагы “чиништердин” айлыгы ылдам байып бараткан миллионерлердин тапканына салыштырганда алда канча аз болуп калды. Кытайда “тааныштыгы жок” бир нерсе чечүү деги эле мүмкүн эмес. Тааныштык деген керектүү адамдын кызмат даражасына жараша пара берүү менен башталат. Ар бир “чиниш” бийликтеги таасирдүү деген киши менен тааныш болууну каалайт.  Эгер жетекчим мага жаман мамиле жасай берсе, мен ал маселени анын жетекчиси менен тааныш боло калып эле чечип алсам болот. Бул деген чыр-чатакты чечүүнүн илгертен берки келе жаткан классикалык жолу. Кытайда коррупция менен күрөштү бекеринен “өмүр менен өлүмдүн маселеси” деп атаган эмес. Партия бийликке, ичкен-жебеген, “таза колдорду” алып келип жатат, коррупциядагыларды атып жатат. Бирок, “Нью-Йорк Таймс” гезити Кытай Эл Республикасынын Элдик Кеңешинин премьер-министри, партиянын Борбордук Комитетинин бюро мүчөсү Вень Цзибаонун үй-бүлөсү 2,7 млрд. доллар жеп алганын жазып чыккан.

3. Эмне үчүн башаламандык эч качан Кытайда болбойт?

Башаламандуу революция эч качан Кытайда болбойт. “Болуп кетиши мүмкүн” деп жазгандар кытай деген эмне деген эл экенин билбегендер. Кытайдын тартибиндей кудуреттүү күч азырынча дүйнө жүзүндө түзүлө элек. Кытайда ар бир аймактын жетекчиси—кожоюн. Кытай кылымдардан бери эле ушинтип жашап келген, мындан кийин да ушинтип жашай берет. Кытайды өзгөртүп жок кылам дегендер, өздөрү жок болуп келе жатат. Кытайга да интернет, мобилдик байланыш, дүйнөлүк технолгогиялардын баары кирген. Бирок Кытай айрым бир элдер сыяктуу жаңы нерселерди көрөрү менен аны баса калбай, адегенде анын пайда-зыянын тактап, таразалап көрүп, анан пайдасын алып, зыянын ыргытып таштаган, сабырдуулугун, сактыгын, сабаты менен салабатын өтө кылдат сактап кала алган эл. Мао Цзе Дун үчүн Кытай революциялардын доору болуп, коммунизмге аттанган. Бирок, Кытай Сталинден башка жол менен кетти.

4. Кытайда өлүм жазасы кантип аткарылат?

Кытай адамды өлүм жазасына тартуу боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. Кытайда коррупция кылгандарды бизге окшоп чекесинен сылабай атып салышат. Акыркы мезгилде Кытайда деле адамды ийне сайып цивилизациялуу өлтүрө баштады. Кытайда мерт кыла турган адамдарга “Өлүм алдындагы маек” деген атайын телекөрсөтүү пайда болгон. Соттун уруксаты менен өлүм жазасына тартылгандар менен аңгемелүү уюштурулган. Кытайда өлүм жазасына тартылгандар орто эсеп менен 50 күн күтөт. Баңги заттар менен соттолгондор эл аралык баңгизат менен күрөшүү күкүнүндө ажал табат. Өлүм жазасы 50 кылмышка каршы колдонулат.

5. Өлүм жазасына тартылгандардын денеси башкаларга донор болобу?

Кытайда өлүм жазасына тартылгандардын денеси башка оорулуу адамдарга сатылып, донор болуп кете турган. Бийлик тараптан 2006-жылы өлгөндөрдүн органдарын сатууга тыюу салган. Бул буйрук аткарылбай жатканы тууралуу сөздөр көп. Муну текшерүүгө мүмкүнчүлүк да жок, анткени, адам өлтүрүлгөн соң денеси тез арада жок кылынат.

6. Эмне үчүн Кытайда өлүм жазасына тартылгандар үчүн атайын фургон колдонулат?

Кытайда өлүм жазасына тартылгандар үчүн атайын фургон колдонулат. Сыртынан полициянын кызмат машинасына окшош, ичинен операция жасай турган жайга окшош. Өлүм жазасына тартылгандарды ичине кийирип операциялык замбилдерге жаткызышып, өлтүрө турган ийне сайышат. Ийне сайуу адаттагыдай атууга альтернативдүү болуп жатат, ал эми фургон атайын бөлмө куруу үчүн каражаттарды эконономдойт. Андан тышкары фургон менен кылмышкер кайсы жерде кылмыш кылса, ошол жерге алып барып көзүн тазалайт. 

7. Кытай эртең кандай болот?

Кытай өзүнүн уникалдуу жолу аркылуу өз институттары менен өз системасын гана өнүктүрүп отурат. Бирок жалпы дүйнөлүк системанын иштөөсүнө анча деле таасир эте албайт. Анын үстүнө чечүүчү орундарга дайындоолордун баарын жеке тааныштык аныктап, саясат ошого байланыштуу жүргүзүлгөндүктөн, бул багытта оптималдуу жыйынтыктарга жетишүү мүмкүн эмес.

8. Дүйнөгө кожоюндук кылгысы келген улутчул жырткычка туш келбейбизби?

Кытай кандай гана реформаларды жасабасын өзүнүн күч-кубаттуу болушу үчүн гана жасайт жана Кытайда бир гана нерсе эч качан өзгөрүлбөйт, ал—күчтүү борбор. Келечекте дүйнөнүн бардык өлкөсүнө кожоюндук кылгысы келген улутчул маанайдагы жырткычка туш келбейбизби? Болушу толук мүмкүн. Кытай канчалык өзүнүн күчүн сезе баштаган сайын аны менен улутчулдук сезим да кошо өсөөрү чын. Бирок убакыт өткөн сайын ал толкун да басаңдайт, кептин баары улутчулдукта эмес экенин ойлоно баштайт.

9. ЭВФ менен Дүйнөлүк Банкты кытай башкарып калабы?

Эртең бүтүндөй дүйнөнүн экономикасына өзгөчө таасирин тийгизип, үстөмдүктү Кытай ээлейт. Кытайдын кел-кели келип турат. Келечекте Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк Банкты Кытай башкарып калабы? Мына бул системанын алкагында Кытай ансыз деле туруктуу өнүгүп баратат. Ошондуктан Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк Банкты француз башкарабы же америкалык башкарабы, Кытайга баары бир. Бирок ага дейре эле Кытай көптөгөн дүйнө өлкөлөрү үчүн эң башкы кредиторго айланары турган иш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости