www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ менен Россиянын ортосундагы Украина кризиси уланып жатканда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен келерки жумада Киевге барат. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Американын  CBS каналында жуманын акырында жарыялана турган маегинин биринчи бөлүгүндө Украинадагы акыркы абалдарды талкуулоо үчүн Украинага барарын ырастады.

Блинкен маегинде : «Азыркы учурда Украина чек арасындагы аскерлердин жайгашуусу Россия Крымды басып алган 2014-жылдагыдан дагы көп. Путин мырзанын максатын билгенибизди айта албайм. Ал жасай турган жана жасабай турганын тандай ала турган көптөгөн жагдай бар»,- деди.

Акыркы күндөрдө орус аскерлеринин аймактан чыгуу процессин да жакындан иликтешкендерин белгилеген Блинкен АКШнын Украинага берген колдоосун дагы бир жолу кайталады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости