www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 30-апрелде, кыргызстандыктарга Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги окуяларга байланыштуу кайрылуу жасады.

Төмөндө президенттин кайрылуусунун толук тексти:

«Урматтуу мекендештер!

Чек арада тынчтыкты көздөп, стабилдүүлүктү сактап калууга күч үрөгөнүбүзгө карабастан, айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам кыргыз-тажик чек арасында калабалуу окуялар башталып кетти.

Биз бул окуяларды ырбатпай, Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу үчүн эки күндөн бери бардык аракеттерди жасап жатабыз.

Чек ара тилкесин аныктоо — карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе.

Дүйнө элдеринин тарыхы буга күбө.

Мындай олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келген.

Тажик Республикасынын жетекчилери, байыркы тажик элинин акылгөй адамдары дагы ушундай эле көз карашта экенине ишенемин.

Биздин элдерге тынчтыкты сүйүүчүлүк, бирин бири урматтоо мүнөздүү.

Буга биздин көп кылымдык тарыхыбыз далил.

Эки элдин достугу «Манас» эпосунда Манас атабыздын Каныкей апабызга сүйүүсү, арзуусу аркылуу чагылдырылгандыгы тегин жерден эмес!

21-кылымда кыргыз менен тажик элдери ынтымакта жашоонун өрнөгүн көрсөтүүгө тийиш.

Буга биздин коңшу болгонубуздан сырткары, табигый ресурстарга ээлик кылганыбыз да милдеттендирет.

Мен асыресе суу маселеси жөнүндө айтып жатам.

Себеби Кыргызстан менен Тажикстан таза суунун запастарына ээлик кылуу жагынан алдыңкы орунда турган өлкөлөрбүз.

Тилекке каршы, куралдуу кагылышуунун аягы карапайым адамдардын тынч жашоосун бузуп, адам өмүрүнө жана экономикалык чыгымга алып келди.

Эки тараптан тең чоң жоготуулар болду.

Учурдан пайдаланып, жакындарынан айрылгандарга терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Мекен чегин коргоодо жан аябай салгылашып курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим кылам.

«Согушту башташ оңой, токтотуш оор» деп айтылат.

Тынчтык жана бейпилдик баарынан кымбат.

Бир нече жылга созулган жарандык согушту баштан кечирген тажик эли дагы муну жакшы түшүнөт деген ойдомун.

Улуу Орозо айында мусулман калктарынын кырды бычак болуп кырылышып турганы жакшы жосун эмес. Ошондуктан бардык тараптарды тынчтыкка чакырамын.

Азыр эле Тажикстандын Президенти Эмомали Шарипович менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

Чек аралар жана башка бардык маселелерди тынчтык жолу жана сүйлөшүүлөр менен чечип алалы деп келиштик.

Эс тутумум жаңылтпаса, мындан 16 жыл мурда бүгүнкү күндөгү көйгөйдү эскерттим эле.

Тагдырдын буйругу менен дал ушул көйгөйдү чечүү менин өз мойнума туш келген экен.

Кудай буюрса, жакынкы араларда чечишип алабыз.

Учурдан пайдаланып, «Баткенге барабыз, элибизге жардам беребиз» деп демилге көтөрүп жаткан жаштарыбызга, мекенчил жарандарыбызга ыраазычылык билдиремин жана эмоцияга алдырбооңуздарды суранам.

Баарын тынчтык жолу менен чечип алалы!».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости