www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын Кыргыз-Орус Славян университетинде эле 50 “квотасы” бар экендиги айтылууда. Мындай маалыматты тараткан журналист Тынчтык Алтымышев “жыл сайын КРСУ Билим берүү министрлигине 50 бюджеттик орун берет экен. Эң кызыгы, ошол 50 орунга кимди киргизишти министр Кудайбердиева өзү чечет экен. Формалдуу түрдө сынак өткөрүмүш болгону менен ага Кудайбердиеваны ыраазы кылган гана абитуренттер өтүп кетет тура” дейт.

Аталган журналист, ошондой эле, министрди “орус-еврей кеңешчилеринин акылы менен” Орусиядан мугалимдерди алып келүүгө аракет жасап жатканын билдирген. Анын маалыматында “министр Кудайбердиева Марченко, Коротенко, Глушкова, Алаева, Сирмбард деген орус-еврей кеңешчилеринин акылы менен Кыргызстанга Орусиядан 500 педагог алып келүүнүн аракетин көрүүдө”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости