www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кудаяр ханга Шамен эмне максат менен барды эле?

Кокон хандыгынын бир да шаары көктөмдөгү Кокондой гүлгө бөлөнбөй турган чыгар. Чакан аянтчалар, көшүлгөн кенен сейил бактар, жол бою гүлгө толуп, гүлгө көркөмдөлгөн. Асыресе, роза гүлү көп. Кокондун мечитке такалуучу баш көчөсү, анын бет маңдайындагы чоң арыкка көпүрө болуп асыла салынган конок күтүүчү жайы гүлгө оронуп, майрамдык көрккө бөлөйт. Дал ушул конок күтүүчү жайда терең ойго баткан Шамен ойлуу отурат. Жасалма көлмөнүн үстүнө салынган жайкы чайкананы жакалап жол өтөт. Бул Дишан-калаа аталган учурдагы Кокон менен Ишан -Калаа аталган. Сепили бар байыркы, эски калааны арасындагы чек ара сыяктуу. Анткени менен ошол жерде эски калаа менен ошол учурдагы жаңы калаа жуурулуша турган. Мечиттин аянтында туруп хандын сарайын да, эски тар көчөлөрдү да. Ал эмес кыр башындагы Ишан –Калаанын дубалдарын да көрүүгө болот.

Дубалды бойлоп ондогон метр баскан соң, далай кылым бою жамгыр чайган жол хан сарайга бурулат. Кокондун бул туштары сууга чөгө түшкөн. Хан сарайынын дарбазасы алыстан заңкайат.

Дарбазанын эшиги ачылып Шамен башка дүйнөгө келгендей болду. Тегереги дубалдар менен курчалганы менен, хан сарайынын ички короосунун абасы таза, салкын сыяктуу. Хан сарайга бүтүндөй такта төшөлгөн, кээ бир жерлеринде бак-дарак өсүп тургандай.  Айлана тегерек оймолуу колонналар тиреген калка менен курчалган. Калка астындагы сарай ичиндеги казынага, гаремге, хандын тагы орношкон кенен бөлмөгө, хандын бөлмөсүнө баштап баруучу эшиктер бар. Бардык жер –көк чаар оюуга толгон. Айнектей катуу көгүлтүр сырдын түсү ажайып. Мындай кемчиликсиз сырлар Бухара менен Самарканда да жок.  

Сепилге кире берер жери кең жана жайпак. Кокон бөтөнчөлүүлүгү бар, көөнө калаа ичинде бир нече сарайлар, туташа тизилген медреселер, мунаралар жана мечиттер, мончолор, жабык базарлар, түрмөлөр, зындандар менен тургун үйлөр мончоктой тизилген. Ийрелеңдеген тар көчөлөр менен калың көрүстөндөрдүн арасынан, көк күзгү капталган күмбөздөр менен жылчыксыз дубалдардын түбүнөн хан аскерлеринин, жабык базарга карай чубурган кайырчылар менен дербиштердин, паранжыга кымтынган аялдардын, селделүү молдолордун дүбүрттөрү жаңырат. Ошолордун барынын башынан ашып азанчылардын үнү эшитилип, ай-ааламга жаңырат. Мындагы көчөлөрдүн тардыгы ушунчалык, орус ак падышасынын Кокон ханына сый тарткан арабасы бир дагы көчөгө сыйбагандыгы кызык. Кокондогу үйлөрдү сырткы дубалдары бүтөп, тек кана кыйшык көчөлөрүнө караган оюктуу коңур дарбазалар көрүнөт. Кокон эки түстөн турат, анын бири чопонун түсү, экинчиси –көк түс. Ошого карабастан, Кокон ажайып, сырттан карагандарга бир беткей көрүнгөнү менен, Кокондо өрнөктөрүнүн турушу бири-бирин кайталабайт.

Батар күндүн нурлары дубалдарга алтын жалаткандай, көчөлөрдүн арасына кызгылт –көгүш көлөкө тунат. Кокон сепилдери тынчтыкка чөгүп тургандай.

Даңкка кумардыктын эстелиги –батып бараткан күнгө көк жолдуу бөйрөгүн жаркырата төшөгөн мечит. Күмбөздөрү менен кең калкалары бар жабык базардын чоңдугу ушунчалык, анын салкын саясына дүкөнчөлөр жайгашкан. Бул базарлардан салынуучу салыкка ыйык китептер сатып алынып, хандын китепканасына кошулат. Кокондогу толуп жаткан медреселер да аябагандай бай. Кудаяр хан кудайы берүүгө ич тарлык кылбаптыр.

Жаш Шамен Бухара, Коконго болгон дипломатиялык иш сапарында  бул хандыктар кошуна түзүлгөн Ормон кура баштаган мамлекетти таанышат. Андан тышкары Ормон ханга арнап Шаменден куржундарга толтура  алтын, каухар, асылзаттарды белекке берип жиберишкен. Шамендин мындай оор милдеттерди жаман кырдаалдарга карабастан Ормон хандын шартында  кыйла жакшы салмакта бүтүрүп келгендиктен Ормон чет хандыктардан келген бул баалуу белектерди Шаменге ыроологон. Жыйырма жаштан жаңы оогон Шамен кыргыз арасында заматта эң бай адамдардын бирине айланган.  Ушул бойдон Шамен көзү өткүчө кыргыз элинде болуп жаткан ар бир негизги иштерге катышып, жакшылыкка чечип келген.         

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости