www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ырчы Анжелика экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарга өткөрүп берүүнү суранган. Өз кезегинде мурдагы президент Атамбаевдин уулу, депутат Сеид Атамбаев Фейсбук баракчасы аркылуу ырчыга жооп берди.

"Албетте, урматтуу "Анжелика" сизге бийлик баш тартпайт! Анткени жакшы жазылган сценарий! Кеп биздин үйдө эмес, Сооронбай Жээнбеков менен анын адамдарынын мыйзамсыз аракети жөнүндө. Алгач үйдүн кожойкесинен, үй-бүлөдөн сурап, адамча сүйлөш керек болчу, анткени Алмазбек Шаршеновичтин да балдары, неберелери бар!

Популисттиктин дагы чеги бар. Мынчалыкка барбаш керек болчу, мен сизди адам катары да, ырчы катары да абдан баалап келгем. 

Бирок, "калпелешка" экениңе бүгүн ынандым, башка сөз жок!

Байлыгың жетет, кедей болбосоң керек, балким өзүңдөн, мисалы чоң сарайыңдан башташ керек беле?!

Кыргыздарда жакшы сөз бар! Бүлүнгөндөн бүлдүргү албайт деп, аман эле болуңуз!", - деп жазган Сеид Атамбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости