www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кезде саясатка пикиримди жазбай калыптырмын. Анткени, жеке өзүмдүн жашоомду куруп жүрдүм. Адамдын жаныбарлардан айырмасы - жеке гана өзүнүн жанын бакпай, мамлекеттин, элинин тагдырына эч болбосо ойлоно жүргөнү. Эптеп өзүнүн жанын багып, өлкө эмне болуп жатканы менен иши жок адам курсагын тойгозуп күнү өтүп жатканына кайыл болгон иттен көп деле айырмаланбайт деп ойлом. 
Садыр Жапаров жөнүндө пикирим:
Кыргызстанга келгени - анын убадага турган адам экенинен кабар берет. А бизде саясатта айткан сөзүнө турган ЭРКЕКТЕР саналуу гана.

Канча жылдан бери Кумтөрдөн алтын уурдап жатышат дегени чындык. Калп болсо бийликтегилер аны мынчалык душман кылбайт болчу. Мынчалык кыйнабайт болчу. Өлтүрүп коюшса Садырдын айткандары чын болуп калат. Ошол себептен кыйнап туруп айткандарым калп дедирүүнүн айласын таппай келишет. 
Садыр өзүнүн колун, мойнун өзү кести дегендер, элестетип көрсөңөр, колу кесилип кан агып жатканда кантип мойнун кесет же тескерисинче мойнунан кан шорголоп агып жатканда кантип колдорун кесет? Тилиңдин учу менен мурдуңдун учуна тийгизчи деген сыяктуу эле аткарууга мүмкүн болбогон нерсе бул. 
Эгер Жапаров коркок болуп ошентип өз жанын өзү кескилегенге бара турган болсо жөн эле кыйналып отурбай чет өлкөдөн келбей коймок. Андыктан, трус, тиги бу деген айыптоолоруңар ошондой пикир айткан адамдын өзүнүн келесоо экенин далилдеп турат. 

Садыр Жапаровду кандай тагдыр күтсө да ал мен үчүн тарыхий инсан болуп кала берет. Эгер түрмөдөн чыгарбай жок кылып ийишсе чындык үчүн өз өмүрүн садага чапкан чыныгы мекенчил кыргыздын уулу болуп менин эсимде кала берет. Эгер ушунча кыйынчылыктан кийин эл колдоп бийликке келчү болсо, Нельсон Мандела сыяктуу баардык кыйынчылыкты башынан өткөрүп келип, мамлекет үчүн кызмат кыла турган саясатчы катары кабыл алам. Ушундай кыйынчылыкты байлык топтош үчүн көрүп жатат дегенге ишенбейм. Анткени, байлыкты сүйгөн адамдар өз жанын мынчалык кыйнай алышпайт. 
Кумтөрдөн алтын уурдалганына мен ишенем. Жинди деле түшүнүп турат. Керек болсо Президент болгусу келгендер дал ошол Кумтөрдүн эл аралык мафиясынан доля алыш үчүн бийликке келгиси келгендер экенин да билем. 

Патриот адам чет өлкөдөн үй сатып албайт, башка өлкөгө бизнес ачып, бөлөк элге завод салып бербейт. Мекенчил адам жанына күч келсе да чындыкты айтып тура берет...

P.S.: Садыр Жапаровго ден-соолук, сабыр, чыдамкайлык каалайбыз. Ушундай адамдар бар болгон үчүн Кыргызстан жок болуп кетет дегендерге ишенбейм... Кудай Сизди колдосун!!!

Кудрет Тайчабаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости