www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйөөм сабайт, бирок аны сүйөм

Күйөөм менен 5 ай мурун ажырашкам. Себеби, ал мени катуу сабаган. 11 айлык балабыз бар. Эми аны эстеп сагынып, жарашкым келип жатат. Эмне кылсам болот? 

Гүлбайра, 22 жаш

Назира Абдумуминова, юрист

Урматтуу айым, туура кылгансыз. Аялга бир жолу колу тийген эркек өмүр боюу сабайт.

Мындай үй-бүлөдө тарбияланган бала ырайымсыз болуп өссө, кыз зомбулуктун курмандыгына айланышы мүмкүн. Анткени, алар ата-энесинин жүрүм-турумун нормалдуу нерсе катары кабыл алышат. 

Чечимиңизди өзгөртпөңүз, убакыт дарылайт. Келечекте өзүңүздүн жана балаңыздын бактылуу болушуна кам көрүңүз. 

Гүлбарчын Жумабаева, никелер жана зордук-зомбулук боюнча эксперт

Жолдошуңуздун бул адаты - зомбулук. Азыр жаштыгыңызга салып чыдаганыңыз менен, кол көтөргөнү барган сайын күчɵйт. Акырындап ден-соолугуңузга зыянын тийгизет.

Ур-токмокко чыдаган аялзаты сүйүүгɵ, балдарга же ɵзүнчɵ жашаганга турак-жайдын жоктугуна шылтоолоп олтуруп, өзүнүн гана эмес, балдарынын да психикасын жабыркатат, ачуусу чукул, чыр-чатакка жакын, иммунитети тɵмɵн, кɵп ооруган, маанайы тез-тезден ɵзгɵрүп турган адамга айланат.

Бактылуу эне гана бактылуу балдарды тарбиялай алат. Азыртадан зомбулукка чекит коюу керек!

Булак: "bilesinbi.kg"

Последние новости