www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр 2026-жылы жабылат

Бугүн өкмөттүн кезектеги жыйынында премьер министр Мухамедкалый Абылгазиев "Кумтөр" тууралуу билдирүү жасады.

«Кумтөрдүн 2026-жылы жабылышы Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизбейт. Экономикага коркунуч жаралбайт. Бул убакта Кыргызстанда аналогиялык ишканалар ачылат», - деди ал.

Премьердин билдирген маалыматына караганда, 9 айдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке салык менен бажыдан 10 млрд сом түшкөн.

«Биз инвесторлорго жагымду шарттарды түзүп беришибиз керек. Ишкер-акыйкатчы боюнча маселени эртерээк чечишибиз керек. Ал сөзсүз болушу зарыл. Ишкер-акыйкатчы ишкерлер менен инвесторлордун, экономикага салым кошкон адамдардын укуктарын коргойт. Ишкер-акыйкатчы боло турган адам ишкерчиликтин табиятын жакшы түшүнүшү керек. Биз бул институтту түзүүнү убадалаганбыз», - дейт премьер.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости