www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-ноябрда “Тарыхый эс тутум: саясий репрессиялар жана анын кесепети” деген аталыштагы Эл аралык илимий конференция өттү. Бул тууралуу КР илимдер академиясы билдирген.
Конференцияда саясий репрессиялардын тарыхы, анын кесепеттери жана сабактары жөнүндө учурда түздөн-түз изилдөөгө алган окумуштуулардын билдирүүлөрү, баяндамалар талкууланды.
Илимий жыйындын жүрүшүндө 20-жылдардын аягында башталган саясий куугунтуктоолор Кыргызстан эле эмес, СССРдин бардык аймактарын да камтып, союздук масштабда жүргүзүлгөндүгү, айыл чарбасын коллективдештирүү мезгилинде “кулактарды тап катары жоюу” деген саясат ишке киргенден баштап, жүздөгөн оокаттуу, колунан иш келген кыргызстандыктардын үй-мүлкүн тартып алып, өздөрүн кулак катары ата мекенинен тышкары – Украинанын Херсон облусуна, Россиянын Оренбург жергесине, Казакстандын түндүк райондоруна, республикабыздын башка жерлерине сүргүнгө айдашкандыгы жөнүндө баяндалды. Өтүп жаткан иш чарада 1938-жылы 6-ноябрда СССРде бир топ жылдары жүрүп турган саясий куугунтуктоолор өзүнүн туу чокусуна жетип, Кыргызстандын жүздөн ашык атылып кеткен көрүнүктүү саясий, мамлекеттик, профсоюздук, комсомолдук ишмерлери, өндүрүш, чарба жетекчилерине таазим этүү менен аларды эскерүү экендиги белгиленди.
Илимий конференциянын катышуучулары төмөндөгүдөй жыйынтыкка келишти:
Иш-чарага УИАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү, КР жождорунун окутуучулары, Кыргызстандык илимпоздор катышты.
Иш-чараны КР УИА, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарых жана маданий мурастарынын "Мурас" коомдук фонду, И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институту уюштурду.
Булак: NazarNews.kg