www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Караколдогу күйөөсү тарабынан бензин чачып, өрттөлгөн келин жолдошуна карата тосмо арыз жазды. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ысык-Көл ОИИБинен Сталбек Усубакунов билдирди.
Белгилүү болгондой келин жолдошуна доо арыз жазуудан жана материалдык чыгымдарды өндүрүүдөн баш тарткан.
Маалыматка карганда келин базарда бирдик (единица) жүктөп иштечү. Жолдошу менен бир канча жылдан бери жарандык никеде жашап жүрүшкөн. Чыр чыккан күнү жолдошу базарга келип, күркөнүн сыртынан эшигин жаап, терезеден бензин чачып, өрт коюп жиберген.
Ысык-Көл ОИИБИнен бул маалыматты тастыкташты.
Буга чейин дагы келинге жолдошу бычак менен кол салгандыктан, жоопкерчиликке тартылган. Ошол учурда да жубайы жолдошуна карата тосмо арыз жазып берген.
“Киши бир жыл абакка отуруп чыккан. Ошондон кийин үй-бүлө кайра чогуу жашай баштаган. Бул кылмышка тосмо арыз жазылса да, кылмыш иши токтотулбайт. Анткени бул кылмыш оор кылмыш иши болуп саналат”,-деп укук коргоо органдарынан кабарлашты.
Эске сала кетсек, 4-январда Караколдо киши келинчегине көчөдө бензин чачып, өрттөп салган. Натыйжада келиндин бети, колу, курсагы, жана буттары күйүп калган.
Булак: NazarNews.kg