www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйүүчү май былтыркыга салыштырмалуу 3,45 сомго арзандады

АИ-92 бензинине жана дизелдик күйүүчү майына карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилди.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2021-жылдын 27-январына карата АИ-92 бензининин орточо керектөө баалары өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу республика боюнча орточо алганда 3,45 сомго, же 8,6 пайызга, ал эми дизелдик күйүүчү май 7,62 сомго, же 17,1 пайызга төмөндөдү.

Ошол эле учурда АИ-92 бензинге карата максималдуу орточо керектөөчү баалары Исфана шаарында (бир литри - 40 сом), Баткен шаарында (бир литри - 39,67 сом) жана Ноокат шаарында (бир литри - 38,50 сом) катталды, ал эми минималдуу чекене баалар Каракол шаарында (бир литри - 35,25 сом), Балыкчы шаарында (бир литри - 35,10 сом) жана Покровка айылында (бир литри - 34,50 сом) болгон.

Дизелдик күйүүчү майынын эң жогорку баасы Исфана шаарында (бир литри - 40 сом), Баткен шаарында (бир литри - 39,67 сом) жана Ноокат шаарында (бир литри – 38,40 сом) катталган, ал эми эң төмөнкү баалар Токмок (бир литри - 35,20 сом), Кара-Балта (бир литри - 35,17 сом) жана Балыкчы (бир литри - 35,16 сом) шаарларында болгон.

Өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу АИ-92 бензининин максималдуу төмөндөшү Кербен шаарында 4,89 сомго, Чаек айылында 4 сомго жана Өзгөн шаарында 3,96 сомго сатылышы байкалган.

Аны менен катар дизелдик күйүүчү майга болгон баанын бир кыйла төмөндөшү Караколдо 8,57 сомго, Балыкчыда 8,21 сомго жана Бишкекте 8,07 сомго белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости