www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыр мамлекеттик тендерлерге катышкан 41 компания даттануулардын негизинде кара тизмеге киргизилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган компаниялар эки жылга чейин мамлекеттик сатып алууларга катышуу укугунан ажырады.

2020-жылы Арыздарды жана нааразычылыктарды кароо боюнча ведомстволор аралык комиссияга жалпы жонунан 355 кайрылуу келип түшкөн. Алар ишенимсиз кызмат көрсөткөн уюмдардын (подрядчы) маалыматтык базасына киргизүүнү сураган.

Териштирүүнүн жыйынтыгында 41 компанияга карата даттануулар далилденген, ал эми 299 ишканага негизсиз түрдө арызданган деген чечим чыккан. Учурда комиссия дагы 13 кайрылууну карап жатат.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын жыйынтыгы менен тендерге катышкан 57 компания ишенимсиз кызмат көрсөткөн уюмдардын (подрядчы) маалыматтык базасына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости