www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда шайлоону жылдыруу тууралуу кептер дагы эле уланууда. Кээ бир саясатчылар эмнеси болсо да шайлоо өз убагында өтүшү керек деп ырасташса, айрымдары алгач добуш берген жарандарды сактап калуу керектигин айтышууда. 2022-жылы юстиция министри Бакир Боздог президенттик жана парламенттик шайлоо 2023-жылдын 18-июнунда болорун билдирди. Бирок эксперттер шайлоону эртерээк өткөрүүнү жактап чыгышты. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган шайлоону 14-майда өткөрүүнү өзү сунуштаган.
Эрдоган жана анын нөлдүк башкаруусу
Түркиянын мыйзамдарына ылайык, өлкөдө шайлоонун датасын парламент аныктайт. Депутаттар макул болбосо, Президенттин Жарлыгы менен аныкталышы мүмкүн. Негизи эрте шайлоо Эрдогандын Адилеттик жана өнүгүү партиясы үчүн пайдалуу болот. Анткени бул оппозицияга шайлоочуларды мобилизациялоого азыраак убакыт берет.
Эгер Түркияда президент 2014-жылдан бери түз шайланат. Анын кызмат мөөнөтү 5 жыл, бир адам бул кызматты эки мөөнөт, башкача айтканда 10 жылдан ашык ээлей албайт. Бирок 2017-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүгө байланыштуу Эрдоган кайра шайлана алат, бул учурда анын мурдагы лидерлик мөөнөтү нөлгө барабар болот.
Эрдогандын жер титирөөдө кандай күнөөсү бар?
Жер титирөөдөн кийин миллиондогон жакыр үй-бүлөлөр жан багууга аракет кылып жаткан чакта инфляцияны жөнгө салууга байланышкан бир топ көйгөйлөр мамлекет башчысына болгон ишенимди кетирүүдө. Оппозиция Эрдоганды өлкөнү жер титирөөгө жылдар бою даярдаган эмес деп айыптоодо. Алар жер титирөөнүн кыйратуучу мүнөзгө ээ болушуна курулуш нормаларына көңүл бурулбаганы, көп жылдардан бери сакталып калган имараттардын жер титирөөгө туруктуулугу текшерилбегени, эски имараттардын өтө көп болушу себеп болгонун айтышууда.
Ооба, Өкмөт бул өзгөчө кырдаалда колунан келгенин жасап жатат. 10 аймакта 90 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланды. 70тен ашык өлкө издөө-куткаруу, медициналык топторду, ошондой эле гуманитардык жардамды жөнөттү. Мындан тышкары, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча бардык деңгээлдеги мамлекеттик мекемелерге тапшырма берилди. Жер титирөөдөн жабыркагандар Анталия, Алания жана Мерсинде чатырларга мейманканаларга жайгаштырылды.
Өкмөт тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан, эл арасында ачарчылык, үй-жайсыз калуу жана жакындарын урандыларды издөөгө чыгарбай жаткандыктары боюнча даттануулар болуп, айрым аймактарга жардам топтору такыр жете элек. Социалдык тармактарга тараган айрым сүрөттөрдө суук шартта жардам күтүп, урандыларды өз колдору менен казууга аракет кылып, жакындарын кайда көмөрүн билбей жүргөндөрдү көрүүгө болот. Ошол эле учурда жарандарга куткаруучулар өз убагында келбей жатканын, келгендердин колдорунда тийиштүү каражаттар жок экенин айтып даттанышканын көрүүгө болот.
«Жер титирөөнүн экинчи күнү саат 14:00гө чейин эч кимди көргөн жокмун. Өкмөт да, мамлекет да, полиция да, аскерлер да жок. Уят!", - деди Адыяман шаарынын тургуну Мехмет Йылдырым “Al-Моnitor” маалымат агенттигине берген маегинде.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, зизила аймагындагы 47 миң имараттагы 211 миң үй талкаланган. Имараттар олуттуу зыянга учурагандыктан, аларды тез арада бузууга буйрук берилген. Так сандар жер титирөөнүн биринчи күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин келтирилген зыянды аныктоо иштери аяктаганда белгилүү болот.
“Blue Bay” кыймылсыз мүлк агенттигинин активдерди башкаруу боюнча талдоочусу Тимоти Еш: "Жер титирөөдөн кийинки калыбына келтирүү иштерине өзгөчө берилгендигин көрсөткөн талапкер шайлоодо жеңишке жетиши мүмкүн" деди. Анткени 1999-жылы Эрдоган да өзүн ушундай жолдо уткан.
1999-жылдагы Измит трагедиясы
1999-жылы 17-августта болгон Измиттеги 7,4 баллдык жер титирөө өлкөнүн тарыхында чоң жоготууларга алып келген трагедия катары эсте калат. Натыйжада 17 миңден ашуун адам набыт болуп, 50 миңден ашуун адам жаракат алган. Жер титирөө имараттарга, жолдорго жана инфраструктурага да чоң зыян келтирилген. Табигый кырсыктан жүз миңдеген адамдар үй-жайсыз калган.
Бул жер титирөө өлкөнүн борбору экономикалык жактан начарлап турган маалда болгон. Басма сөз өкмөттү чукул кырдаалга туура эмес мамиле кылган деп айыптаган. Жер титирөөнүн алдын алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөгөндүктөн, жабыркагандардын саны көбөйгөн. Ошол жылдары өкмөттү башкарган премьер-министр Бүлент Эжевит кыйроонун көлөмүн көргөндөн кийин «шок» абалына түшкөн. ...
"Кыйраган аймакты изилдөө үчүн дароо тик учакка түшүп, калкты мобилизациялоонун ордуна ал бир нече күн бою кырдаал анын көзөмөлүндө экенин жана кооптонууга эч кандай негиз жок экенин айтып олтурган, - дейт “The New York Times” журналисти Стивин Кинзер.
Премьер-министр Эжевит жабыркаган аймакка миңдеген аскерлерди жөнөтпөй армиянын жардамын колдонгон эмес. Түркияда жер титирөө көп болгон сейсмологиялык аймак болсо да, өкмөт аны сак болууну пландаган эмес. Натыйжада адамдарды куткаруу, турак-жай менен камсыз кылуу, каза болгондорду жерге берүү көйгөйлөрү оорлошкон.
Бул трагедия Эрдоганга атак-даңк алып келди
Измиттеги жер титирөөдө Өкмөт чындыкты элден жашырды. Ал тургай ошол кездеги президент Сулейман Демирел да өз сөзүнүн биринде “Тилекке каршы, каза болгондордун так санын билбейбиз” деп айткан. Жер титирөөнү жана анын кесепеттерин жоюу мүмкүн болбогондуктан каза болгондордун саны кескин көбөйүп, өлгөндөрдүн бир нече күн чиригени элдин мамлекетке, чиновниктерге болгон ишенимсиздигин арттырды.
Ошол эле учурда Стамбулдун камактан чыккан мурдагы мэри Эрдоганга чоң ишеним көрсөтүшкөн. Анын Стамбулдагы инфраструктуралык реформаларын, деңизди таштандыдан тазалап, таштандыга толгон шаарды жаңыртып, көпүрө, жолдорду куруп, ичүүчү суу жана электр энергиясы, ошондой эле негизги тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу жагынан анын ийгиликтүү иш-аракеттеринен элге жакшы шарт түзүп бергенин коомчулук ташка тамга баскандай билген. Эл Эрдоганды куткаруучу катары көргөн. 2001-жылы Эрдоган “Адилеттик жана Өнүгүү” партиясын түзүп, Стамбулда алган тажрыйбасын өлкө боюнча колдоно баштаган.
Жер титирөө үчүн салык кайда?
1999-жылдагы Измит жер титирөөсүнөн кийин өлкөдө ноябрь айында «жер титирөө салыгы» киргизилген. Алгач убактылуу ишке ашырылышы пландалган «жер титирөө салыгы» кийин туруктуу салык түрү катары кабыл алынган. Адегенде андан түшкөн киреше кабелдик телекөрсөтүү, мобилдик чалуулар жана билдирүүлөр үчүн колдонулган, бирок кийинчерээк транспорт, кыймылсыз мүлк, жеке байланыш жана жеке келишимдер, айыл чарба долбоорлоруна жумшалган.
Анда бул акча азыр кайда? Салыктан түшкөн акчага канча үй салса болмок?
Казына жана каржы министрлиги бекиткен сандардан жылына канча “байланыш салыгы” чогулуп жатканын байкоого болот. Маалыматка ылайык, 2000-2022-жылдар аралыгында жалпысынан 87 миллиард 998 миллион лира (38 миллиард 277 миллион АКШ доллары) жер титирөө салыгы чогултулган. Эрдогандын тушунда (2003-2022) салыктын жалпы суммасы 86 миллиард 138 миллион лира (36,5 миллиард АКШ доллары) болгон. Статистикалык маалыматтарга караганда, салыктын көлөмү жылдан-жылга өскөн.
«Жер титирөө салыгынын» жылдык отчету:
2003-жылы - 1048 миң түрк лирасы;
2006-жылы - 3 577 724 миң түрк лирасы;
2008-жылы - 4 550 775 миң түрк лирасы;
2021-жылы - 6 618 120 миң түрк лирасы;
2022-жылдын 10 айында - 7 405 771 миң түрк лирасы.
2022-жылы Түркия парламентинин депутаттары Айлана-чөйрө жана шаар куруу министрлигине имараттарды жер титирөөгө каршы бекемдөө үчүн бюджеттен канча акча ала тургандыгы тууралуу расмий суроо-талап жөнөтүшкөн.
2021-жылдын маалыматына караганда, жалпы бюджеттин 6,6 миллиард лиралык «жер титирөө салыгынын» 800 миллион лирасы гана имараттарды бекемдөөгө жумшалган.
Түркиянын мурдагы каржы министри Мехмет Шимшек 2011-жылы чогултулган «жер титирөө салыгынын» борбордук бюджетке которулганын жана башка тармактарга, анын ичинде жол куруу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарына ар кандай жолдор менен колдонулганын айткан.
Бирок Режеп Тайып Эрдоган “жер титирөө салыгы” тууралуу ооза ачып сөз кылган жок. Башка өлкөлөрдөн жардам сурап гана убадаларды берген өлкө башчы эл алдында таасирдүү сөздөрүн айтып, жубайы менен ооруканаларды кыдырып, жер титирөөдөн аман калгандар менен ачык сүйлөшүүдө. Оппозициянын айыптоолоруна азырынча унчукпаган Эрдоган бул жолу салык иликтөөсүнө кызыккан дагы жок.
Кулаган үйлөрдүн Эрдоганга эч кандай тиешеси жокпу?
Режеп Тайып Эрдоган жер титирөөдөн бир нече сааттан кийин Анкарада өткөн маалымат жыйынында билдирүүлөрдү жасап үч күн бою элге кайрылуусун улантты.
Президент жер титирөөдөн эң көп жапа чеккен Хатайдагы өкмөттүн кемчиликтерин моюнга алып, «мындай кырсыкка даяр эмес» деди. Экинчи жагынан мамлекет башчынын жакынкы күндөрдө сүйлөгөн сөзү, Өкмөттүк телеканалдардагы маалыматтар көңүлдөрдү бурууда. Алардын айтымында 10 дубандагы талкаланган үйлөрдүн бири да Эрдогандын бийлигинин тушунда курулбаганын жар салып, мамлекет тарабынан курулган бир дагы үй жабыркаган эмес.
«2022-жылдын 6-февралындагы жер титирөө өлкөнүн тарыхындагы эң күчтүү жер титирөө болуп саналат», - деди Режеп Тайып Эрдоган трагедияга реакция кылып. Анын айтымында, кыштын сууктугу жана эвакуациялар адамдарды урандылардын астынан мүмкүн болушунча тезирээк алып чыгууну кыйындатып жатат.
Президент 2,3 миллион жумушчуга мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу, субсидиялар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жарым миллион үй куруу сунушталып жатканын айтып, шайлоо алдында экономиканы жандандыруу үчүн сарптоого көңүл бура тургандыгын билдирди.
Талдоочулардын баамында, азыркы кырдаалда Эдогандын макамы жогору болбосо да, шайлоо алдында кырдаалды өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгара элек. Муну абдан жакшы билген президент:
«Биз кыйраган имараттардан акыркы тирүү адамды алып чыкканга чейин ишибизди улантабыз. Издөө-куткаруу топтору тарабынан куткарылып, ар кайсы жакка тарап кеткен 108 миң жарадарыбызга Жараткандан тезирээк сакайып кетишин тилейм», - деди азыркы президент акыркы сөзүнүн биринде.
Үстүбүздөгү жылдын 14-февралындагы сөзүндө Режеп Тайып Эрдоган марттын башында дагы 30 үй курууну пландап жатканын айтып, жер титирөө болгон аймактагы жарандардан дагы бир жыл сабыр кылууну суранды:
Биз эч бир атуулубузду материалдык жана моралдык жактан кароосуз калтырбайбыз, жардам жана баш калкалоо иштеринин ирээттүү түрдө уланышын камсыз кылабыз.
Мамлекет башчысы жашоого жараксыз абалга келген ар бир үйгө 15 миң лирадан, 2 миңден 5 миң лирага чейин ижаралык жардам жана 10 миң лирадан көчүрүү жардамын берүүнү убада кылды. Ал ошондой эле жер титирөөдө каза болгон жарандардын жакындарына 100 миң лирадан жардам берилерин кошумчалады. Өлкөдөгү бардык мамлекеттик жогорку окуу жайлары жайга чейин ишин токтотуп, дистанттык окууга өтүп, жер титирөөдөн жабыркагандар бош турган имараттарга, жатаканаларга жайгаштыра баштады.
Эрдогандын жетекчилигинде экономикалык кризис
Жетиштүү акыл-эстүү, тажрыйбалуу саясатчы Эрдоган мындай шартта эч кандай акчасын аябастан, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу менен алек болуп, «атасынын» ким экенин элге көрсөтүүдө. Бирок учурда Түркия мындай акцияларды улантуу үчүн жетиштүү каражаты бар чоң өлкө эмес.
Талдоочулардын баамында, Түркия Эрдоган жана анын башкаруучу партиясы бийликке келгенден берки эң оор экономикалык кризисти башынан кечирүүдө. Инфляциянын деңгээли жылына 80 пайыздан ашып, 2022-жылы лира долларга карата 30 пайызга арзандаган.
Өлкөнүн ишкерлеринин жана республикадагы бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн “Bloomberg” конфедерациясынын эсеби боюнча, Түркиядагы жер титирөөлөрдүн натыйжасында өлкөнүн экономикасына 84 миллиард доллардан ашык зыян келтирилген.
Саясий процесстерде эки жагдайды байкоого болот. Бир жагынан Түркиянын лидери жер титирөөдөн саясий упай алып, орток кайгынын айланасында биригүү зарылдыгын көрсөтүү менен элдин куткаруучусуна айланууда. Ал эми Эрдоган апааттуу инфляция жана түрк лирасынын долларга карата кулашы алдында өзүнүн принциптерин жана “Адилеттик жана өнүгүү” партиясынын принциптерин жоюуга аргасыз болот.
Талдоочулардын баамында, эми оппозиция Эрдогандын катасын табууга аракет кылат. Кыйраган үйлөрдүн курулушу, аларды кайсы фирмалар, кайсы подрядчылар курганы, кимдер катышканы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кырдаалдын ушундай бурулушун күтүп жаткан президенттикке талапкерлердин бири Камал Кылычдороглу өзүнүн Twitter баракчасында:
“Өлкөнүн жоготуулары үчүн бир адам жооптуу болсо, ал Эрдоган», - деди ал.
Бул билдирүүдөн кийин ага социалдык тармакка кирүүгө тыюу салынган.
Бирок, Эрдоган бардык күнөөнү 1999-жылдагы жетекчиликке жүктөй алат. Маселен, мамлекет башчы акыркы сөзүнүн биринде кырсыктан кыйраган имараттардын 98 пайызы 1999-жылга чейин курулганын, андагы мүчүлүштүктөр ошол жылдагы нормативдик талаптардан улам келип чыкканын айткан.
Измиттеги жер титирөөнүн кесепеттеринен улам шал болуп калган ошол кездеги премьер-министр Булет Эжевит жетиштүү күч топтой албаганы үчүн сынга алынган. Эрдоган мындай кырдаалдын алдын алуу үчүн эл аралык жардам сурап кайрылды. Түркиянын жакынкы тарыхынан сабак алдыбы же жокпу, ал оппозицияга шайлоо алдында өлкөнү кантип башкара аларын көрсөтө алышы керек.
Маалымат үчүн айта кетсек, алдыдагы шайлоодо эки коалиция – Эрдоган менен оппозициянын кагылышы күтүлүүдө. Атаандаштык катуу жана кооптуу болот. Тактап айтканда, өткөн жылдын аягында президенттин негизги оппоненттеринин бири, Стамбулдун мэри Экрем Имомоглу 2019-жылдагы шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн кемсинткенден кийин сот аны шайлоо укугунан ажыратуу чечимин чыгарган, бирок чечим күчүнө кире элек.
Тилекке каршы ушул тапта Түркияда саясий күрөш күч алууда.
Умида Мухтарбекова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg