www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Куликовский» кондитердик үйүнө 20 млн сом айып салынды

"Куликовский" кондитердик үйүнө 20 млн сом айып салынды. Бул жарактуу мөөнөтү өткөн азыктарды утилдештирүү эрежелери бузулганы менен байланыштуу.

"Мыйзам боюнча товарларды Соода-өнөр жай палатасынын комиссиясынын катышуусу менен жүргүзүү керек", - деди кондитердик компаниянын башкы директору Денис Гайворонский.

Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүнөн "Куликовский" кондитердик үйүнүн жалпы товарынын 3-5%ы жарактуу мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу алынат.

Ал эми Соода-өнөр жайы палатасынын маалыматы боюнча, "Куликовский" компаниясынан жараксыз товарларын утилдештирүү тууралуу кайрылуу түшкөн эмес. Компания акыркы жолу 2024-жылдын февралында товарга сертификат алууга байланыштуу гана кайрылган.

Сентябрь айынын башында "Куликовский"кондитердик үйүнүн кеңсесинде УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзгөн.

Последние новости