www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында маанилүү иш-чарага – Таш-Булак участогунда Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполдун өздөштүрүлүшүнүн башталышын билдирген мезгил кутусун орнотууга катышты.

МинКаб башчысы бул баалуу ресурсту өздөштүрүү мамлекет тарабынан колго алынып, долбоорду каржылоо булактары аныктала турганын баса белгиледи.

«Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү окуя. Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титомагнетит бар. Титан — медицинада, авиацияда жана астронавтикада ар кандай тармактарда колдонулган баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет», — деди Акылбек Жапаров. 

Акылбек Жапаров ошондой эле кенди иштетүүдө экологиялык таза мамиленин маанилүүлүгүн белгилеп, титаномагнетитти алууда уран, торий өңдүү кошумча пайдалуу кендерди коопсуз казып алууну камсыз кылуучу технологиялар колдонуларын белгиледи. Бул элементтер эл аралык коопсуздук стандарттарын катуу сактап ташылат.

Капсула салуу аземинен кийин Акылбек Жапаров Орто-Токой суу сактагычындагы кичи ГЭСтин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул ГЭСтин курулушу Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү жана жаңы энергия булактарын түзүү боюнча мамлекеттик программанын бир бөлүгү болуп саналат.

Последние новости