www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин экс-мэри, мурдагы бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы 18-июнда Бишкек шаардык сотунда каралды. Сот жыйыны ачык өтүп, соттук коллегия кылмышка шектүүнүн жактоочуларынын анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн карады. Анын жыйынтыгында, сот Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Тактап айтканда ал 28-июнга чейин камакта калат.
18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында Кубанычбек Кулматовго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылган. Алгач ага эч жакка кетпөө тууралуу тилкат алуу түрүндө бөгөт чарасы каралган. 5-июнда болсо Кулматов УКМКга суракка чакыртылып, андан соң Биринчи май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган.
Кулматов акыркы 6 жылда экс-президент Алмазбек Атамбаевге таянып болушунча тайраңдады. Барган жеринде коррупцияны гүлдөттү. Бир эле мектептен 100 млн. сом уурдаганы ачыкталып камакка алынды. Мамлекет үчүн мындай чыккынчылык кылган адамдар эч качан эркиндикте жыргап жүрбөй жазасын толук өтөп, уурдаган акчаларын мамлекетке кайтарып бериши зарыл.
Булак: NazarNews.kg