www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанычбек Кулматовго дагы бир кылмыш иши козголушу мүмкүн. Аны Ленин айылындагы “Брид” тоок фабрикасын рейдерлик жол менен басып алган деп айыпташууда. Фабриканын ээси Владимир Хегайдын айтымында, Кулматов Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп турганда анын тоок фабрикасын жасалма жол менен кудуретсиздикке жеткиришкен. “Фонд кийлигишкенге чейин фабрика ийгиликтүү эле иштеп келген болчу” дешет фабриканын кожоюндары.
“Брид” өзүнүн ишмердигин өнүктүрүш үчүн 2016-жылы Фонддон 2,7 млн доллар насыя алган. Бирок, Фонд каражатты алардын колуна бербей, жабдууларды өздөрү сатып алып беришкен. Насыячылардын айтымында, “Фонд Орусиянын Липецк шаарынан эң кымбат баалуу жабдууларды таап сатып берген, Фонд бааларды атайылап жогорулаткан, фабриканын директору насыяны көргөн да эмес, мөөрлөрүн, документтерин алып коюшкандыктан эч нерсени далилдей алышпайт”. Кийин фонддун текшерүүчүлөрү барып, фабриканын барымтадагы мүлкүн Фонддун башкаруусуна өткөрүп алышкан. Бирок, насыячылар мүлкүн Фондго өткөрүп берүүгө мажбурлашканын билдиришүүдө.
Муну рейдерлик басып алуу катары баалаган Хегай Фонддун ошол кездеги жетекчиси К.Кулматов менен анын орун басары Эркин Асрандиевди (азыркы башчысы) Кылмыш кодексинин “Өзгөчө ири көлөмдөгү алдамчылык” беренеси менен айыптоодо. Материалдарды Башкы прокуратура иликтеп, жакында УКМКга өткөрүп берген, азырынча кылмыш иши ачыла элек.
Кубанычбек Кулматовго буга чейин Кытайдын ТВЕА компаниясынын мектеп курууга берген 2 млн $ каражатын мыйзамсыз пайдаланып, жемкордукка малынган деген кине менен кылмыш иши козголгон. Ал азыр убактылуу кармоочу жайда кармалып турат.
Булак: NazarNews.kg