www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дайыма эле жаңы бийлик келгенде багелегин тизесине чейин түрө салган бир аты затына бап келбеген генерал бар Феликс Кулов деген. Ошол киши убагында ишсиз калганда Курманбек Салиевичтин алдына чөгөлөп атып, “Чакан ГЭС” дегенди өзүнө имерип алган жайы бар. Анысын деле бир карыш жылдырган жок, бирок өзүнүн керт башынын кызыкчылыгын толтурууга жарады. Деги ошол тармактын тагдыры эмне болгонун ким билет, айтып койгулачы? Ага канча каражатты жулуп алды экен?
Жаңыдан ачылган же башка киши таппай калгандар ушул эбак күм-жам болгон генералды эрмектеп калышат болбой эле. Анан ал укмуш көз караштарын айткандай компоет. Негизи өзү деги кыргыздын чекесин качан жылытты эле? Түрмөгө отурганы эле болбосо.
Ал тургай Баяман Эркинбаевдин өмүрүнө ким балта чапканын кийинчерээк айтып берем деген сөзүн аткара албады. Үсөн Кудайбергенов деген досунун жакындарынын үмүтүн актабады. Бүгүнкү күндө “жылдыз” болгусу келген Кулов ар кайсынын башын айтып кайсалактаганы эмнеден? И-ии так ошондой эптеп бир балээге ээ болуп калсам деп ыргыштап жатканы байкалып калды. Ооз бар болгон соң бирдемкени бурдаш керек эмеспи?
Булак: "Ачык сөз"