www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кулов: «Садыр Жапаров эл үчүн шайлоодон баш тартышы керек»

Мурдагы премьер-министр, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Феликс Кулов Садыр Жапаровго кайрылды. Ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган кайрылууда Жапаровду алдыдагы президенттик шайлоого катышуудан баш тартууга чакырды.

«Акыркы чейрек кылымда өлкөнүн экономикасы азыркыдай оор абалга эч качан кабылган эмес. Миллиондогон адамдар оор кризистик шартта жашоого аргасыз. Эл аралык эксперттер бул мүшкүл көпкө созуларын болжолдоп жатат.

Премьер-министрлик кызматка келерде сиз, Садыр Жапаров, «элдин жашоосун жакшыртам» деп убада бергенсиз. Бул убада көп нерсеге милдеттендирет. Алтындай убакытты коротпой, элге берген убадаңызды аткарып, президенттик шайлоого катышпоого чакырам», - деген Кулов алдыда өлкө шайлоо, референдумдардын айлампасына түшүп, абдан чоң кыйынчылыктар болорун божомолдогон.

Ошондой эле саясатчы жаңы Конституцияны кабыл алуу көпкө созуларын белгилеп, мындай саясий кыйынчылыктардан улам жөнөкөй жарандардын күнүмдүк жашоосу унутта каларынан чочулуган.

Ал башка талапкерлерге да кайрылып: «Эгер Садыр Жапаров президенттик шайлоого баруудан баш тартса, жеңип чыккан талапкер өкмөттүн ишине кийлигишпей, толук өз алдынчалыкты камсыз кылышы керек. Ал эми парламенттеги депутаттардын басымдуу бөлүгү мурда болуп келгендей эле Садыр Жапаровду колдойт.

Конституциялык реформаны жүзөгө ашыруунун курч зарылдыгы болбогондуктан, Венеция комиссиясы баш болгон эл аралык абройлуу уюмдардын сунуштарын эске алуу менен бул маселени Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы шайланганга чейин токтотуп туруу керек», дейт Кулов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости