www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II элесине арналган көңүл айтуу китебине жазуу калтырды.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кулубаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинде болуп, көңүл айтуу китебине жазуу калтыруу менен ханышанын элесин эскерди.

“Улуу даражалуу ханыша Елизавета II’нин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу чын жүрөктөн көңүл айтам. Ата Мекенге, элге жана анын таламдарына жан аябастык менен кызмат кылуу, Улуу Британиянын жыргалчылыгы үчүн жан аябас күрөшүү – планеталык масштабдагы бул көрүнүктүү инсандын көптөгөн айырмалоочу белгилеринин бири болгон. Ханыша Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына берилгендиктин жана өз элине кам көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет”, - деп жазылган эскерүүдө.

Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гаррет Жээнбек Кулубаевге элчиликке көңүл айтууга келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Улуу Британиянын эң узак тактыда отурган ханышасы Елизавета II 96 жашында дүйнөдөн кайтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости