www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чынын айтканда, азыркы кезде Кыргызстандын тышкы саясаты аксап жаткандай. Өзгөчө Россия менен болгон алака солгундап кетти. Мына ушундай кырдаалда Тышкы иштер министрлигине иштин көзүн билген, дасыккан дипломат келиши зарыл. Азыркы министр Жээнбек Кулубаев чабалдык кылып жатканы баарына көрүнүп турат. 

Мына учурда өлкөдө энергетикалык кризис маселеси курч. Азык-түлүктүн кымбатттыгы дагы чоң көйгөй. Элдин жону жукарып, кыйналып жаткандар арбын. Жагдайды жеңилдетүүнүн бирден-бир ыңгайлуу жолу Россия менен сууп бараткан дипломатиялык мамилени жаңы деңгээлге көтөрүү кажет. 

Ал үчүн Тышкы иштер министрлигине дасыккан дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору, экономика илимдеринин кандидаты Аликбек Жекшенкулов сыяктуу Россия менен байланышы күчтүү, мамилеси жакшы кадр жетишпей турат. Балким, министр кылып Жекшенкуловду алып келүү мезгил талабыдыр. 

Аликбек Жекшенкулов Кыргызстан ар дайым Россия менен тыгыз мамилени үзбөй, экономикалык, саясий байланыштарды өркүндөтүү зарылдыгын такай белгилеп келет. Башка айтканда, Жекшенкуловдун "Америка башында турган Батыш өлкөлөрү биздин өнүгүүбүзгө, экономикабыздын күчтүү болушуна кызыкдар эместигин белгилеп, биздин менталитетибиз, улуттук иденттүүлүгүбүз туура келген мамлекеттер менен алака түзүшүбүз керектигин, бул жагынан алып караганда Россия башында турган ЕврАзЭС мамлекеттери менен келечегибиз бирге" экенин айткан сөзүндө данек бар. Мына ушундай тышкы саясатты жакшы түшүнгөн дипломат министр болуп келиши абзел.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости