www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик дарыгер, айыккыс дарттарга даба тапкан, көп элдин сообуна калып, онтогон ооруудан айыктырган Күлүйпа эже менен жылдан жылга жашарып бараткан эмчек рагы жана аялдар көп кабылып жаткан жатын рагы, жатындын түшүп кетиши жана анын кесепеттери, кант диабетинин себептери  тууралуу сүйлөштүк.

- Акыркы мезгилде аялдар көп кабылып, жылдан жылга жашарып бараткан  эмчек рагы көпчүлүк учурда  чоочутуп алуудан  же байкабай турганда  муздак суу тийгенден жана бир нерсеге  катуу  уруп алгандан ошондой эле төрөгөн соң мастопатияга кабылгандан пайда болот. Аялдар  мастопатиядан сак болбосо, дарыландым дегени менен  бул дарт  убакыттын  өтүшү менен эмчектин рагына кабылтат. Башкача айтканда, мастопатия  эмчек рагын чакырат. Эмчекти чоңойтуу үчүн салынган силикон да эмчек рагын пайда кылат. Ошондой эле эмчектин рагынын жайылып баратышына эмчек менен жатындын бири-бири менен тыгыз  байланышта болгону да себеп болуп жатат. Айтайын дегеним,  жатында маселе болсо,  эмчекте да сөзсүз маселе жаралат. Башкача айтканда жатында маселе жаралса, эмчек ооруйт. Эмчекте маселе болсо жатын ооруйт. Аял төрөгөндөн кийин баласын узакка эмгизсе, жатын жакшы жыйрылып, мурдагы калыбына келет. Эгер аялдар эмчегинин формасын сакташ үчүн же дагы бир шылтоону айтып, баланы жасалма тамактандырууга көндүрүп алса, жатын баштагы калыбына  келбей калат.  Башкача айтканда жыйрылбай калат. Жыйрылбай калган жатын  убакыттын өтүшү менен түрдүү дарттарга чалдыгат.

“Эмчектеги сүттү кайтаруучу дарылар жана төштү көлөмдүү  көрсөтүүчү силикон  да эмчек рагынын пайда кылат”

Эмчек рагынын көбөйүшүнө аялдардын сүттү жок кылчу  дарыларды колдонгону да себеп болуп жатат. Башкача айтканда, эмчектин сүтүн тартуучу же сүттү качыруучу дары эмчектеги ракты пайда кылат. Ал дарылар эмчектеги сүттү жок кылып койбойт. . Дарыларды ичкен күндө да эмчектеги сүт бир канча жолу ирип, ал эмчекке зыян алып келет.  Өкүнүчтүүсү, сүттү келтирбей, эмчектеги сүттү жок кылып коёт деген медициналык дарылар эмчек рагынын пайда болушуна шарт түзөт. Аны бардык эле аялзат биле бербейт. ал тургай медиктер да ал дарылардын пайдасынан да зыяны көп болоорун биле беришпейт. Ошондой эле эмчекке салынган силикон дагы эмчек рагына кабылтат. 

“Аял менен эркек төшөктө бирин –бири алмаштырса да эмчек жабыркайт”

Эмчек аял менен эркек бири бирин төшөктө алмаштыргандан да жабыркайт. Айтайын дегеним, аялы же күйөөсү бири-бирин башкаларга алмаштырганда жатын байкалбаганы менен жабыркайт. Себеби, жатын өтө сезимтал болот. Ал сезгенип калат да, жатын инфекциядан жабыркайт.  Сезгенүү байкалбаганы менен күчөп отуруп, эмчекти жабыркатат. Аны этибар албай жүрө берсе, канга өтүп, эмчекти эле эмес, башка да органды жабыркатып, жыйынтыгы ракка чалдыктырат. Ошон үчүн адам өзүн өзү сыйласа, таза үй бүлө курам десе, кимиси болбосун ала жипти аттабашы керек.  Баса, кыз-келиндердин бойдон алдыруусу дагы эмчек рагын чакырат. Себеби, жогоруда айткандай жатын сезгенип калганда эмчек түрдүү дарттарга кабылат. Бойдон алдыруу көп болгон үчүн  эмчек рагы да жылдан жылга жашарып, айрыкча кыз-келиндер кабыла баштаганы өкүнтөт.

 “Туура эмес тандалган бюстгалтер да эмчек рагынын жаңырышына себеп болот”

Дагы бир эмчек рагынын жашарышына шарт түзүп жаткан нерселердин  бири туура эмес тандалган бюстгалтер. Эмчегимди чоң көрсөтөм, жарашыктуу кылам деген ой менен   кєп аялзаты башкача айтканда  жаш кыз-келиндер синтетикадан турган калың паралону бар ич кийимдерди кийишет. Мына ошол синтетика денеге аба өткөрбөй эмчекти  жогорку температурдагы ыссыкка кабылтып,  эмчек рагынын пайда болушуна, рак клеткаларынын ойгонушуна шарт түзүп жатат. Мына ошол синтетика ич кийимдер эмчек рагын эле эмес, жатындагы түрдүү дарттардын өрчүшүнө  жаман ооруулардын күч алышына шарт түзүп жатат. Ошондуктан, аял болобу, эркек болобу ич кийимди туура тандап, синтетика эмес, хыбысына басым коюшу  керек. Болбосо, жаман дарттарга күтүлбөгөн жерден кабылып калышы толук мүмкүн.

“Жатын туюк болгон үчүн аялдарды жатын рагына кабылат”

Жатын рагы жатын сезгенгенден жана жатынга кирген инфекциядан, жатын түшүп кеткенден пайда болот. Башкача айтканда, жатын түшүп кеткенде табарсыкты басып калат. Аялдардын аялуу жерине  ысыкка окшогон майда  кызыл  нерселер чыга баштайт. Ал жүрүп отуруп, эрозияга айланат. Жатын туюк болгондуктан, жатындын ичиндеги жаралар кыска убакытта өсүп кетип, жатын рагына кабылтат. Ошондуктан, аялдар жатының түшүп калды дегенде маани бербей жүрө бербей көтөрткөнгө аракет кылышы керек. Болбосо,  түшүп кеткен жатындын  кесепети көп жаман, айыккыс дарттардын башаты болуп калышы толук мүмкүн. Себеби, кєптєгєн жаман ооруулардын башаты ушул жатын түшүүдөн башталат.

Жатын түшүп калганда  аялдар айызы келээр маалда жана келген учурда  бели, табарсыгы, трубалары абдан катуу ооруйт. Көпчүлүк учурда медиктер анын неге ооруп жатканын так аныктабай туруп  суук тийгизип алгансың деп  антибиотиктерди бере беришет.

“Баланын башында  гемотома, шишик деген дарттар түшкөн жатындан  пайда болот

Ал эми элдик медицинада жатынды дары-дармексиз эле ордуна келтирип, көтөрүп, баштапкы калыбына келтирип койсо болот. Жатын баштапкы ордуна келгенде эки бөйрөк дагы ашказан да көтөрүлүп, аялдар жанын кыйнаган 50 пайыз дартынан сакаят. Элдик дарыгерлик тажрыйбамдан улам, жатыны түшүрүп алгандар төрөй албай бала жытына зар болгондорун билем. Себеби, жатын түшкөндө шейканын оозу буралып калат. Бул учурда да аялдын бойдо болушуна жана боюнда болсо да жатыны ылдый болуп, баласын тогуз ай көтөрүшүнө кыйынчылык жаралат.

Апасынын жатыны ылдый болуп төрөлгөн балдардын башында сөзсүз маселе болот. Башкача айтканда, баланын башы ылдый түшкөн жатынга тийе  берип, бала төрөлгөндө эле башында шишиги же гемотомасы бар болуп төрөлөт. Эгер дени сак бала төрөйм десе, энелер өздөрү кайдыгер болбой жатынын көтөртүп алса, келечектеги баласын да азапка салган дарттан алыс болот.

Мээрим Мамбетова: “Жатынымды көтөрүп, бел ооруу, ашказан  жана бөйрөк ооруудан кутулдум”

-Мен Күлүйпа Жумабекованын жатынды көтөрө билген элдик дарыгер экенине чыны менен ынандым. Күлүйпа эже жатынымды көтөрүп, бел ооруу, ашказан  жана бөйрөк ооруудан кутулдум. Баламдын да дени сак төрөдүм. Ошондой эле төрөгөнчө сактанып, ооруканада жаткандан да кутулдум. Күлүйпа эжеге ырахмат айткандан башка сөзүм жок.

Назира Абазкан кызы: “Жатынды үбөлүк менен эле көтөрүп койду”

-Мен да Күлүйпа эженин дарыгерлик ыкмаларына ыраазымын. Россияда иштеп ден соолугумду бир топ аксатып алдым. Эже жатынды көтөргөндөн кийин бел ооруу, бөйрөк ооруудан кутулдум. Медицинады чыны менен жатын көтөрүү чоң маселе. Ал үчүн сөзсүз операция кылышат. Күлүйпа эже болсо,  үбөлүк менен киндиктен эле көтөрүп коёт экен. Эжеге алкыш гана айтам.

Перизат Рысманбетова: “Күлүйпа эже бүт дартымдан сакайтып, сулуулугумду кайтарып берди”

-Мага врачтар үч жыл дионгоз коюшкан эмес.дарылануудан пайда деле чыккан эмес. Врачтардын дарысы утурумдук гана дартымды басып турган. Күлүйпа эжеге келгенде жашоомдо жаңы барак ачылгандай болду. Дартымдан сакайып, жашагым келип калды. Күлүйпа эже мени не бир дарттардан арылтты. Сулуулугумду кайтарып берди. Жатынымды  эле көтөрбөстөн чачтан буттун учуна чейинки ооруларымдын баарын сакайтты. Сабырдуу, чыдамдуу болууга үйрөттү. Күлүйпа эжеге эки дүйнөдө ыраазымын.

Алина Жапар кызы:“Аялдар жатыныбызды көтөртүп дени сак бала төрөйлү”

-Азыр аялдардын жатын рагы өтө көп. Ага жатындын түшкөнү да себеп болооруна өзүм күбө болдум. Аялдар жатыныбызды көтөртүп, азаптан кутулалы. Дени сак бала төрөйлү. Жатыныбызды алдыртып жаныбызды кыйнабай бардык дартты алдын алалы. Жатынды көтөртүп. Эмчек дартын алдын алалы.

P/S Кыл тамырчы, дартты кыйын аныктаган, дарыгерлик касиети күчтүү Күлүйпа эжеге көрүнүп, дартымды аныктатам, жанымды кыйнаган оорудан сакаям дегендер

0556 75-75-84, 0707 856 940 номерине байланышсаңар болот.

Чынайым Кутманалиева, Майдан гезити

 

 

Последние новости