www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күмөндөр Абылов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, “Бийликти шылдыӊдаган көрүнүштөрдү көчө театрына салыштырам!” деп "NazarNews.kg" маалыматтык агенттигине маек курган.

--Күмөндөр мырза, менин билишимче сиз Эмгек сиӊирген  артист наамын 1993-жылы алсаӊыз керек. Эми андан бери 24 жыл өткөндөн кийин ган Эл артисти наамын алдыӊыз. Башкаларга окшоп бийликти катуу сындаган деле эмессиз... 

--Эми бийликке менин сатираларым аркылуу сын айтылып эле жатты. Бирок сахнаныни ченеми,  сатиранын мыйзамы менен түздөн-түз атын атап, кылган ишин айтып, пикетчиктин номуру болгон жок да.

Мисалы, “Таракандарымды” айтсам, таракан деген коомго жат нерсе менен күрөшүп, аны жоготуу үчүн туура жол менен күрөшпөсөк азайтмак турсун жат нерсени кайра көбөйтүп алабыз деген саясат бар. Эми ушул сыяктуу эле Горбачевдин аракты жоёбуз деген аракетине байланыштуу башыбыздан бул нерсе өтпөдүбү. Ошондо аракты эки эселеп көбөйтүп ичпегендер ичип, самогон ачытып, наша чеккендиктен биз артык кылабыз деп тыртык кылып алганбыз. Ушул саясатты сахнанын тили менен чагылдырган чыгарма деп мактана алам. Ар бир сатираны сахнанын маданияты менен жеткирсе бул элге бир чети турмуштагы окуя сыяктуу көрүнгөнү менен, анын айтайын деген саясаты башка болуп элдин эсинен кетпейт.

Ал эми президенттин аты-жөнүн атап, анын чыгарган указын айтып, ошого жараша аны келекелеп, шылдыӊдап фейсбукка чыгарып иттин башына калпак кийгизип, жетелегенин Атамбаев, беркисин Жээнбеков кылган бул пофессионалдуу чыгармачылыкка жатпаган нерсе болуп эсептелет. Бийликти шылдыӊдаган көрүнүштөрдү мен байыркы Римдеги көчө театрына салыштырам.

Анткени Байыркы Римде Цезардын кылган иштери тууралуу эртеси Клеопатра экөөнү кучакташтырган эпизодду көчөдөн чагылдырышчу экен. Анын сыӊары бизде да азыркы заманбап театр искусствосуна жатпаган жат көрүнүштөр көп болуп жатат. Эми буларды эмне себептен айтып жатам? Эмесе сен айткандай бул наамды албай жүргөнүмө 24  жылдан ашуун убакыт өткөн экен. Мен бул наамды мурда эле алсам болмок.

Мисалы, мен Эмгек сиңирген наамды алган учурда жаӊы эле мектепте окуп жүргөндөр менден мурда Эл артисти наамын алышты.

Мен ага арданган деле жокмун.  Наамды сатыкка чыгарган үчүн мен эмне үчүн арданышым керек?! Мен алардын өз абийирлерине койдум.  Алар дагы өздөрүнүн абийирсиз экенине качандыр бир кезде намысы ойгонсо өздөрү арданышар, ошондой адам болуп калышканына. 

--Эл артисти наамын алганда кандай сезимде болдуӊуз? 

--Эми өтө сүйүнүп кабыл албайт экенсиӊ. Менин сүйүнгөнүм, миӊдеген күйөрмандарым фейсбуктан куттуктап: “Сиз бул наамды эбак эле алгансыз. Эми араӊ документтешип жатат” деген сыяктуу пикирлерин билдиришти. 

--Кыргыз сатирасы тууралуу эмне демекчисиз?

--Учурда кыргыз сатирасы майдаланып баратканы көрүнүп эле турган иш. Азыр компьютердин заманы болгондуктан эл убакытты ушунчалык үнөмдөп, пайдаланган менен убакыт ушундай космостук ылдамдык менен өтүп жаткандай сезиле баштады. Ошон үчүн эл китеп окубайт. Эмне маалымат алгысы келсе компьютерди ача калып интернеттен керектүүсүн гана билип алат. Эгер китепти биздей болуп тереӊ ийне-жибине чейин окуганда адамдын башынан ошол өмүр өткөн сыяктуу болуп, ошол өмүрдү   жашап өтпөсөӊ дагы кандайдыр бир деӊгээлде жашап өткөндөй болуп тарбияны ошондон алчу экенбиз. Бир китепти окусаӊ ошол китептеги тарбия сага ошол окуя башыӊдан өткөндөй болуп, даана өзүӊдүн башыӊдан өтпөсө дагы 40-50 пайызы өткөндөй болуп берилип окугандыктан турмуштук сабак болчу экен. Азыр болсо андай эмес. Андан да көп маалыматтарды билүүгө болот. Бирок үстүртөдөн билип адам ага тереӊ сүӊгүп жан дүйнөсү менен берилип кирбей жатат. Ошон үчүн азыркы жаштардын кабыл алуусу башкача болгону үчүн тарбия, улуттук аӊ-сезим жоголуп бараткандыгы байкалууда.

Кыргыз сатирасынын деле аксап жаткандыгы ушул сыяктуу. Эми жанагынча интермедияны аткарып элди күлдүргөндөн көрө азыркы “тамашоу” дегендер чыгат дагы экөө болобу, ону болобу бир чыгып туруп бирөө суроо берсе, экинчиси жооп берсе, бул көрүнүш бир сатира болуп эсептелет. Эми муну кыргызча айтканда тарс этме деп койсо болот.

А мен кыргыздын сатирасын эсептесем: күлкү, күйдүргү, кыйытма, чымчыма, апыртма, акыйнек деп отуруп 54 түрү бар экен. Эми буларды өнүктүрсөк абдан сонун болмок. Биз сатирага жакшы көӊүл бөлбөгөндүктөн эл да кыска эле күлүп калды. Мурда сатира чагылдырылган окуяны элестетип алып күлгөндөр болгон. Сатира айтып бүткөндөн кийин үйүнө барып күлгөндөр да кездешчү. Көчөдө кетип баратып эстеп алып күлгөндөр дагы болчу. Азыр болсо андай көрүнүштөр жок болуп жатпайбы...   

Булак: Нурислам   КАБАКБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости