www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Күн тийген жердин күкүгүнө” айланышкан Карашевдер машиналарын зуулдап айдашып, жөнөкөй адамдарды кумурскадай тебелеп кете беришет. Анткени, Атамбаев барда аларга жоопкерчилик, сот деген болгон эмес. Деги эле Атамбаев эмес, Акаевдин учурунда Тогуз-Торого аким болгон Азим Карашев “Макмалалтындын” алтындарын ээлеп, ошол кездеги Конституциялык соттун өлбөс төрайымы Чолпон Баекова менен кудалашып, калыңына Исанов көчөсүндөгү заңгыраган хансарайларды берген. Чолпон Баекова да оңой эмес “карышкыр”, Атамбаевдин убагында сиңдиси Индира Жолдубаеваны Башкы прокурор, күйөө баласы, “Атамбаев деп тост айтпагандарга өлүм” деп кыйкырган Азим Карашевдин уулу Аалы Карашевди биринчи вице-премьер, ЖК депутаты кылган.

Баса, Карашевдер Акаевди даңазалап, ал качып кетсе Бакиевди карап мактап жүрүшүп, Ошту өзүм билем болуп калган. Атамбаев президент болор менен аны мактап, жактап жүрүшүп элдик Ош мэри Мелис Мырзакматовду кетириш үчүн Аалы Карашев десанттары менен 2014-жылдын 15-январында Ошко түшүп сатып алчусун сатып алып, коркутчусун коркутуп Ош мэрин Кадырбаевге алып беришет. Алтынга бөлөнгөн Аалы Карашев Атамбаев камалганы думугуп калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости