www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244-беренеси (Барымтага алуу) менен  катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К. Жолдубаеванын уюлдук телефондорундагы маалыматтарды аныктоо жүргүзүлгөн. 

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча күбө катары КСДПнын төрагасынын орун басары К. Жолдубаева суралып, анда ал А. Атамбаевдин үйүндө болуп жаткан бардык фактыларды өзүндө болгон уюлдук телефондорго тарткандыгын көрсөткөн. 

2019-жылдын 10-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтомунун негизинде К. Жолдубаеванын   уюлдук телефондору  сотко чейинки өндүрүшкө маанилүү болгон маалыматтарды аныктоо жана алуу максаттында текшерүүгө алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости