www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Январь айында үй-бүлө отун тутанткан белгилүүлөр
-Көп эле ырым-жырымды туура көрүп, сактай жүргөн кишимин. Бирок гороскоп сыяктууларга көп ишенбейм. Менимче, жылдын биринчи айында үйлөнүүгө эмес, ажырашууга болбойт дешсе жылдын аягына чейин ажырашуулар болбойт беле, ким билет?.. Нике кайып Жамиля экөөбүзгө 1984-жылы 10-январда буйруду.
Быйыл 33 жыл болду. Кудайга шүгүр! Эки уул, эки кыздын ата-энеси, сегиз неберенин чоң ата-чоң энеси, таята-таенесибиз. Биз жаңы үйлөнгөндө Нарында театрда иштеген кезим. Ата-энем айылда тургандыктан, биз Нарында жашаган Аманкул, Зина деген таяке-таажеңебиздин үйүндө жазга чейин жашап турмай болдук.
Эстен кеткис жери, экөөбүз жаткан бөлмөгө от жагылбайт. Бөлмөбүз суу тоңуп калчудай. Төшөгүбүз муз менен кара таш. Бир аз жылыганча ичикийлеп, топуларыбызды чечпей, кучакташып жатып алчубуз. Жаштык кезби, билбейм?..
Эртең менен мурдубуз муздап калганы эле болбосо, үшүбөй этпей, суук тийбе этпей эле кыштан чыкканбыз.
Булак: "lady kg"