www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумшекер бир айда 7,2 пайызга кымбаттады

Социалдык жактан маанилүү азык-түлүктөрдүн катарына кирген кумшекер бир ай ичинде 7,2 пайызга кымбаттап, учурда орточо баасы 64,36 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдирди.

Ал эми өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу канттын баасы 19 пайызга жогорулады.

Учурда кумшекерди баарынан кымбат Исфана (бир килограмм үчүн 69,33 сом), Жалал-Абад (67,84 сом), Ноокат (67,39 сом), Кара-Суу (67,33 сом) жана Баткен (67,21 сом) шаарларынын тургундары сатып алып жатат. Ал эми минималдуу баалар Токмок (бир килограмм үчүн 60,67 сом), Талас (60,89 сом) жана Нарын (61,94 сом) шаарларында катталды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан өзүн кумшекер менен 56 пайызга камсыздай алат. Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда бул товардын кымбаттап жатышына өндүрүүчү өлкөлөрдө баалардын көтөрүлүшү себеп болгонун айткан.

Бааларды ооздуктоо үчүн Экономика жана финансы министрлиги кумшекер менен өсүмдүк майын сатып алууга 318,4 миллион сом бөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости