www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-апрелде АКШ Капитолийин кайтарып турган эки полиция кызматкерин автоунаа сүзүп кетип, бирөөсү каза болду. Ал эми полициячыларды бычак менен коркуткандан кийин машиненин айдоочусу атып өлтүрүлдү.

Кол салуу учурунда АКШ Конгрессинин мүчөлөрү отурумда болгон эмес.

Полициянын билдиришинче, кол салууну дароо эле террорчулукка байланыштыруунун зарылдыгы болгон жок. Полициячыларды сүзгөндөн кийин автоунаа демейде сенаторлор жана кызматкерлер өтүп жүрчү коопсуздук бекетинин жанындагы тосмого барып урунган.

Вашингтондун полиция башчысы Роберт Конти Конгресстин кайсы бир мүчөсүнүн бутага алынганы тууралуу эч кандай ишаара байкалбагандыгын билдирди.

Курман болгон полициячы ушул жылдын башынан бери Капитолий полициясынын кызмат учурунда набыт болгон экинчи кызматкери болуп калды. Курман болгон алгачкы полициячы 6-январда Капитолийге ошол кездеги президент Дональд Трампты жактап чогулган жана тополоң баштаган калайыктын парламент имаратына чабуулу маалында өлтүрүлгөн. Тополоңчулар былтыркы шайлоодо Трамптын жеңилгендигин биротоло тастыктаган иш-чараларды үзгүлтүккө учуратууга далалат жасашкан болчу.

2-апрелдеги кол салуудан жаракат алган соң ооруканага жаткырылган полициячынын абалы туруктуу экени маалымдалды.

Набыт кеткен шектүүнүн бир тууганы болсо «Washington Post» гезитине маркум баңгизатты колдонуу жана паранойя менен жабыр тартып жүргөндүгүн, үй-бүлөсү анын психикалык абалына тынчсызданып келишкендигин айтып берген.

Капитолийге кол салуу ыктымалдыгы жаатында кооптонуу мурдагы президент Трамптын тарапкерлери тарабынан 6-январда жүзөгө ашырылган тополоң окуясынан бери орун алып келет. Ал тополоңдон бир нече сааттан соң, АКШ Конгрессинин эки палатасынын орток отуруму кайрадан улантылган жана 7-январдын алгачкы сааттарында демократ Джо Байден президенттик шайлоодо расмий жеңгенин биротоло тастыкалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости