www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Надира Азимовна, президент Түштүк коогалаңын иликтөө боюнча УКМКнын жетекчисине тапшырма берди. Эми укуктук да, юридикалык да баа берилет, күнөөлүүлөр жазасын алат деп ишенсек болобу?

-Тарых барактарында кара тамга менен жазылып, түбөлүк көкүрөктөн кетпей калган кайгылуу, күйүттүү окуянын себепкерлери сөзсүз өз жазасын алышы керек. Күнөөлүүлөр жооп бербесе кыргыз тарыхында ар бир 20 жылда кайталанган үч жолку кандуу окуя кайра бир күн кайталанбайт деп, эч ким кепилдик бере албайт. Буга чейин күнөөлүүлөр мыйзамдуу жазасын албагандыктан, эч нерсе болбогондой каалаганын жасап, "Кыргызстанда эмне кылсак да боло берет, жоопкерчиликке тартылбайбыз" деген ойдо, ар кандай оюндарды уюштуруп, элдин тынчтыгын бузушуп, каалагандай тайраңдашты. Эми алар тынч жата алышпайт. Президенттин тапшырмасы менен УКМК түштүк окуясын уюштургандарды иликтейт. Буюрса, кандуу окуяны уюштургандар мыйзамдуу жоопкерчиликке тартылып, Кыргыз мамлекетин эксперимент өткөрүүчү полигон кылганга мыйзамдуу бөгөт коюлат.

- Бирок, бул иликтөө кечигип калган жокпу?

- 2010-жылдагы июнь окуясына укуктук баа берүү жөнүндө изилдөө кеч болсо да, иликтелсин деген чечим туура болду. 11 жылдап күткөн күн эми келди. Айтайын дегеним, котур ташы койнунда барлар өз максатын ишке ашыруу үчүн уюштурган жаңжалдын кесепетинен карапайым эл жабыркады. Ошондой эле Улуттар аралык кагылышуулардын биринде да күнөөлүүлөргө укуктук баа берилген жок. Ошон үчүн 10 жыл сайын каргашалуу окуя кайталанды. Кылымдап эриш-аркак жашап, куда-сөөк болуп, жуурулушуп кеткен, карапайым эки элдин ортосуна от жагышты.  Бул ишти иликтөөнү колго алган азаматтарга баштаган ишиңердин акырына чыккыла, акты ак, караны кара деп тарых алдында, Кудай алдында, боздогон карапайым адамдардын алдында, элдин үмүтүн актап, көксөөсүн кандыргыла деп кайрылам.

Анткени, азыр да баласынын өлүк же тирүү экенин билбей, боздогон энелер толтура. Алар жок дегенде күнөөлүүлөр жазасын алса, балдарынын арбагы ыраазы болот деп ойлошот. Ошондуктан, бул ишти колго алган азаматтар мекенчилдик, атуулдук, жигиттик вазийпаңарды аткарып, ыйлаган энелердин көксөөсүн кандыргыла. Көк жалдыгыңарды көрсөткүлө. Ошондо кандан, өлүмдөн, боздогон көз жаштардан дүнүйө, байлык чогулткандардын жүзүн ачылат.

Баса, 7-апрель окуясын да унутпагыла. Анткени апрель, июнь окуялары бир бирине тамырлаш. Ячейкадан уурдалган акчалар, алтындар, атылган балдар, белгисиз снайперлер, андан кийин сарпталган миллиондор, мезгилсиз байыгандар жана башкалар жөнүндө иликтөөнү да кошо баштагыла. Анткени, эки окуя бир бирине уялаш. Мына ошондо гана өлкө ичинде темирдей тартип орнойт. Эң негизгиси элдин тагдыры менен ойногондор тартипке келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости