www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумшекер жана өсүмдүк майынын баасы арзандады

Бүгүнкү күндө өсүмдүк майына жана кумшекерге болгон баа төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттик тарабынан кабарланды.

Аталган мекеменин маалыматыны ылайык, Бишкектеги "Азиз" базарында социалдык маанилүү азыктардын баасына мониторинг жүргүзүлүп, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

"Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 6-августта кумшекер жана өсүмдүк майынын баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн "Азиз" дүң базарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Аталган базарда "Лучезарное" өсүмдүк майынын 5 литри 780 сомдон сатылса, бүгүнкү күндө анын баасы 5 литрине 650 сом, майдын литри 120 сомдон 140 сомго чейин сатылууда. Кумшекердин 1 килограммы 57 сомдон 59 сомго чейин сатылууда", - дешти мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости