www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мексика АКШнын курал-жарак компанияларын сотко берди

Мексиканын өкмөтү АКШдагы курал жасап саткан ишканаларды сотко берди. АКШнын Бостон шаарындагы федералдык сотуна берилген доо арызда курал чыгарган ишканалардын ишмердиги өлкөдө зордук-зомбулуктун көбөйүшүн шарттаганы жазылган. Мексика бийлигинин маалыматына караганда, АКШдан кирген курал-жарактын 70% мыйзамсыз.

Баңгизат сатуучулардын көп жылдан бери уланган согушунда эле жыл сайын 40 миңдей киши өлөт" деп жазылган доо арызда. Арыз ээлеринин эсебинде, акыркы 20 жыл аралыгында мындай согуштан өлгөн адамдардын үй-бүлөлөрү жана жакындары тарткан зыян 10 млрд. долларга бааланууда.

Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрарддын айтымында, сот курал сатуучуларга көзөмөл стандартын жана тартип чараларын карагандан кийин доо акынын акыркы суммасын да аныктайт.

Мексика өкмөтү сотко берген ишканалардын ичинде америкалык Smith & Wesson, Barrett Firearms, Colt, Glock Inc, Sturm, Ruger & Co жана башка компаниялар бар. Булар Мексика бийлигинин доосун четке кагышууда.

Ок атуу спортунун Улуттук фонду (NSSF, National Shooting Sports Foundation) расмий сайтына Мексика бийлигине күнөөлүнү АКШдан издебей, өлкөсүндө наркомафия жана криминал менен күрөштү күчөтүүнү сунуштады. Аталган фонд америкалык курал чыгаруучулардын соода ассоциациясынын да милдетин аткарат.

The Reload журналынын редактору жана курал эксперти Стивен Гатовскинин айтуусунда, Мексика бийлигинин доо арызы жыйынтык бербеши мүмкүн. Анткени, АКШдагы "Куралды мыйзамдуу сатууну коргоо" мыйзамына ылайык, компаниялар өздөрү чыгарган куралдан ок атылганы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости