www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов куруучулар күнүнө карата куттуктоо жолдоду

Бүгүн, 8-август — куруучулардын кесиптик майрамы. Буга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов атайын куттуктоо жолдоду.

Төрага өз куттуктоосунда курулуш тармагы өлкөнүн ички дүң өндүрүмүндө салмактуу орун ээлей турганын, Кыргызстандын курулушчулары барган дүйнөлүк алдыңкы технология, ыкмаларды колдонуу аркылуу жаңы ийгиликтерге жетишип жатканын баса белгилеп өткөн.

«Куруучулардын жаратмандык кесиби — татаал, көп кырдуу жана чыгармачыл кесип. Бүгүнкү күндө куруучу ар тараптуу терең билимге ээ болуусу шарт, ошондо гана курулуп жаткан имараттар архитектуралык жактан өзгөчөлүккө ээ болуп, узак мөөнөттүү пайдаланууга жарактуу болот. Жаркыраган мектеп, бала бакча, заманбап оорукана, заңгыраган үйлөр — дегеле кандай гана курулуш болбосун, ал көргөн көздү кубандырып, адамга бакыт тартуулайт», — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы учурда куруучулардын көптөгөн долбоорлор жана милдеттер турганын айтып, ал милдеттерди аткарууда тармактык адистердин билими, тажрыйбасы, мүмкүнчүлүгү жетерине ишенимин билдирген.

Белгилей кетсек, 1955-жылдын 6-сентябрында СССР Жогорку Советинин президиуму «Курулушчулардын кесиптик майрамын белгилөө жөнүндө» Токтом кабыл алган. Ага ылайык, август айынын экинчи жекшембисинде СССРдин курамындагы мамлекеттер курулушчулардын кесиптик майрамын белгилеп келишкен.

Ал эми Кыргызстанда Өкмөттүн 1994-жылдын 28-июлундагы №539 Токтомуна ылайык, 8-август куруучулардын кесиптик майрамы катары кабыл алынып, бул тармактын адистери жыл сайын ушул күнү майрамдашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости