www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын айыл чарба министри Ербол Карашукеев өлкөдө кумшекердин кымбатташы дүйнөлүк базардагы абалга байланыштуу экенин билдирди.

— Кумшекер биржа товары болуп эсептелет. Ошондуктан анын баасы биржадагы соодалашууларга жараша болот. Алсак, тростник кантынын баасы Лондон биржасында, кумшекердики Нью-Йорк биржасында аныкталат. Азыр кумшекердин кымбатташы дүйнөлүк тенденция. Буга байланыштуу биздин заводдордо да баалар жогорулады, — деди Карашукеев.

Өткөн жумада Казакстандын Айыл чарба министрлиги 23-майдан тарта жарым жылга чейин өлкөдөн ак жана камыш кантын алып чыгууга тыюу салынарын билдирген. Тиешелүү буйрукка мекеме башчысы Ербол Карашукеев кол койгон.

2021-жылы Казакстанга 506,9 миллион тонна кумшекер жана чийки зат алынып келинген. Алардын жарымы — 275,8 миллион тонна Орусиядан ташылган.

Украинадагы согушка байланыштуу Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Орусия азык-түлүктүн бир нече түрүнүн, анын ичинде кумшекердин экспортун чектеген. Мындан улам март айында Казакстандын бир катар аймактарында кумшекер баасы кыйла жогорулаганы байкалган.

Казакстан кумшекерди негизинен Беларустан, Бразилиядан жана Мексикадан экспорттойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости